# С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-февралындагы №4-5 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-февралындагы №4-5 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4-5
- Дата принятия: 21.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024998>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40107/edition/29978/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-февралындагы №4-5 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө" токтому. (ред. от 21.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024998

---

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы

2025-жылдын 21-февралы №4-5 Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х. Байназарованын маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгы менен таанышып чыгып, С.Юсупова айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын толугу менен аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын айыл аймагынын тургундарына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин алып баруусу айылдык кеңешинин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.

Төрага:

М.И. Мамитов
