Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
С.Юсупова айылдык кеңешинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө» токтому.
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы №4-5 Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х. Байназарованын маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгы менен таанышып чыгып, С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын толугу менен аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын айыл аймагынын тургундарына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин алып баруусу айылдык кеңешинин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага:
М.И. Мамитов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О погребении и похоронном деле»Закон · 22.02.2024 · № 53
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296