Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
С.Юсупова айылдык кеңешинин “Отябрь айылынын тургуну Халилова Маралдын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы 7-чакырылышынын 22-сессиясында кабыл алынган № 22-10 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сурап жазган арызын кароо жөнүндө» токтому.
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы №4-2 Отябрь айылынын тургуну Халилова Маралдын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы 7-чакырылышынын 22-сессиясында кабыл алынган № 22-10 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы 7-чакырылышынын 22-сессиясында Октябрь айылынын тургуну Халилова Марал С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октярь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жер тилкесинин багытын мал базары багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча каралып, багытын өзгөртүп берүүгө № 22-10 токтому менен макулдук берилген. Бирок Халилова М аталган жеринин 0,67 га жерине мал базары деп Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан корутундусун алган. Калган 0,83 га жеринин ичинен 0,15 га жеринин багытын мал союучу жай (убойный цех) 0,68 га жерин багытын өндүрүш багытына (темир-бетон мамычаларын чыгаруу максатында) токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлери эске алынып, Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган обьекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндөгү 2024-жылдын 10-майындагы №240 жобосуну жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12, 18- беренелерин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылынын тургуну Халилова Маралдын Отябрь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,67 га жер тилкеси райондук мал базары багытына, 0,83 га жер тилкеси өндүрүш багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын тургуну Халилова Маралдын Отябрь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жер тилкесинин ичинен 0,67 га жер тилкеси райондук мал базар багытына, 0,83 га жер тилкеси өндүрүш багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөртүрүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага:
М.И. Мамитов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Положение о порядке выдачи документов на проектирование, строительство и иные изменения объектов недвижимости и оценки соответствия вводимых в эксплуатацию завершенных…Положение · 10.05.2024 · № 240 · Утратил силу