# Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2025-жылдын 7-февралындагы "Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө" №3/16 токтому

- Полное наименование: Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2025-жылдын 7-февралындагы "Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө" №3/16 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/16
- Дата принятия: 07.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024585>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39852/edition/29519/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2025-жылдын 7-февралындагы "Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө" №3/16 токтому (ред. от 07.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024585

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ 2025-жылдын 7-февралындагы №3/16

Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексине ылайык бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин кайрылуусун карап жанаталкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасы Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык 1 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жогорудагылардын негизинде тазалык жыйымын бекитилген ставкага ылайык накта жашаган ар бир жанга тазалык жыйымын чогултуп, жергиликтүү бюджетке төлөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу
