Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин «Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө» №3/16 токтому
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ 2025-жылдын 7-февралындагы №3/16
Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексине ылайык бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин кайрылуусун карап жанаталкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасы Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык 1 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагылардын негизинде тазалык жыйымын бекитилген ставкага ылайык накта жашаган ар бир жанга тазалык жыйымын чогултуп, жергиликтүү бюджетке төлөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага
С. Бектемир уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Кодекс «О неналоговых доходах»Кодекс · 10.08.2018 · № 90