# Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-мартындагы №32 "Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-мартындагы №32 "Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 32
- Дата принятия: 24.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024516>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39804/edition/29435/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-мартындагы №32 "Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому. (ред. от 24.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024516

---

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Алтын-бешик айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын

кезектеги IV сессиясы

2025-жылы 24-марты №32

Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик админисрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- беренесинин 4- пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабындагы №662 токтомуна ылайык Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 07.02.2025-жылдын 024/25/03-6/95 сандуу чыгыш катын негизинде жана Баткен райондук Салык кызматынын кызматкери Ж.Эргешовтун баяндамасын угуп жана талкуулап,

Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы №19 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин төмөндөгүдөй баяндалсын.

2. Мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкерлерге 100 сом болуп бекитилсин.

3. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө , тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1- майына чейин деп белгиленсин калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу баюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1- октябрына чейин деп белгиленсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым:

А.Матраимова
