Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Сай айылдык кенешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жайларга 2025-2027-жылдар үчүн салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №14 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жайларга 2025-2027-жылдар үчүн салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексини колдонууга киргизүү жөнүндө”Мыйзамынын № 4-беренесинин 14-пунктуна Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379,380-беренелерине ылайык,55-глава. Мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер жана бошотуу,409-беренеси, ”Имарат,курулма жайга,автотранспорт каражатына мүлк салыгы боюнча жнилдиктер ”жана 79-статьясына ылайык,2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” Баткен райондук салык башкармалыгынын өкүлү Эргешов Алмазбектин билдирүүсүн угуп карап талкуулап чыгып айылдык кенешинин VII чакырылышынынкезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү мүлк салыгы 2025-2027-жылдарга карата турак-жай үйлөргө бир чарчы метр аянтына салыктын өлчөмү 8 сом 50 т болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин бюджет, экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом ak-say.gov. kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрайым:
Ш.Омурова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики»Закон · 18.01.2022 · № 2