# Түп айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 07-февралындагы № 31 "Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жер тилкесин берүүгө макулдук жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Түп айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 07-февралындагы № 31 "Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жер тилкесин берүүгө макулдук жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 07.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024331>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39696/edition/29146/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Түп айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 07-февралындагы № 31 "Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жер тилкесин берүүгө макулдук жөнүндө" Токтому (ред. от 07.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024331

---

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын V – cессиясы

2025-жылдын 7-февралындагы №31

Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жер тилкесин берүүгө макулдук жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна жана 27-беренсиинин 1-пунктуна ылайык жана КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги №185-токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин планын жетекчилике Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын V – cессиясы токтом кылат:

Түп айылынын Мокоев көчөсүнүн №41 дарегинде жайгашып, бузулуп

кеткен эски имараттын 0,08 га жер тилкесине жана кошумча маңдайындагы 0,04 га муниципалдык жер тилкесине ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жалпы 0,12 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Түп айыл өкмөтүнүн

башчысы Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

Төрага Абдымамбетов А.Б.
