Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Момбеков айылдык кеңешинин «Жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо, уюштуруу жана өткөрүү күнүн бекитүү жөнүндө» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1
Жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо, уюштуруу жана өткөрүү күнүн бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик курултайга айыл аймагындагы делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартиби, делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруучу аракеттердин нускамасына ылайык жобону бекитип берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү”2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын калкынын саны 17112 болгондугуна карата жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 100 (жүз) адам ченеминде бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү
аймактарды бөлүктөргө бөлүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Чек айылы – 14 (он төрт) адам Жазгак айылы – 17(он жети) адам Момбеков айылы – 23 (жыйырма үч) адам Бостон айылы- 13 (он үч) адам Курулуш айылы -24 (жыйырма төрт) адам Жаңы-Кыштак айылы – 6 (алты) адам Эски Кочкор-Ата айылы – 3 (үч) адам Жергиликтуу курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу № 1 тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана орду жөнүндө расмий маалыматтарды жарялоо айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы
И Абдыразак уулу
БЕКИТИЛДИ Тиркеме № 1 Момбеков айылдык кеншинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча иш-чара
п/п
Калктуу конуштардын аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
Көрсөтүлүүчү делегаттардын саны
Делегатты көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлө турган убактысы
Жыйынга жооптуу айылдык кеңештин депутаттары
1
Чек айылы
362
2450
14
Сш № 23
17.10.2022
саат 16-00
Кыдыралиев Арген
2
Жазгак айылы
441
2927
17
Сш № 34
18.10.2022
саат 10-00
Бердибеков Азирет
3
Момбеков айылы
632
3954
23
Сш №17
19.10.2022
саат 15-00
Дөмүшов Тилек
4
Бостон айылы
354
2243
13
Сш №44
20.10.2022
саат 10-00
Стамбаев Ташмамат
5
Курулуш айылы
578
4152
24
Сш № 16
21.10.2022
саат 15-00
Аджибекова Парида
6
Жаңы Кыштак айылы
195
1065
6
Сш № 16
21.10.2022
саат 15-00
Абдибекова Парида
7
Эски Кочкор-Ата айылы
60
321
3
Сш № 44
20.10.2022
саат 10-00
Стамбаев Ташмамат
Жалпысы :
2622
17112
100
БЕКИТИЛДИ Тиркеме № 2 Момбеков айылдык кеншинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
- И Абдыразак уулу – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
- Ж Юлдашева - айылдык кеңештин катчысы – жумушчу топтун катчысы;
Мучөлөрү:
- Кыдыралиев А – айылдык кеңештин депутаты;
- Бердибеков Азирет –айылдык кеңештин депутаты;
- Дөмүшов Тилек – айылдык кеңештин депутаты;
- Стамбаев Ташмамат- айылдык кеңештин депутаты;
- Аджибекова Парида – айылдык кеңештин депутаты;
- Мисиров Ороз – айыл башчы;
- Мамадалиев Талант – Жазгак айылынын айыл башчысы;
- Абдыкадырова Батма – Курулуш айылынын айыл башчысы;
- Калдаров Акыл- Жаңы-Кыштак айылынын айыл башчысы;
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · Утратил силу