Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Балыкчы шаардык кенешинин «Балыкчы шаарынын Аманбаев Далбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 9.02 га. Жер участогун Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүп берүү боюнча макулдук берүү жөнүндө» Токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын - февралындагы №9
Балыкчы шаарынын Аманбаев Далбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 9.02 га. Жер участогун Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүп берүү боюнча макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына ылайык Балыкчы шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын Аманбаев Далбаев көчөсүнүн кесилишиндеги А.Далбаев көчөсү №37 жайгашкан идентификациялык коду 2-07-03-0062-0010 жер аянты 6,99га. жана Ж.Аманбаев көчөсү №208/2 жайгашкан идентификациялык коду 2-07-03-0062-0011жер аянты 2,03га болгон, жалпы аянты 9,02 га жер участогун ипотекалык турак жай куруу үчүн Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардын мэри Арнабек уулу Азаматка тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 30 января 2024 года УП № 10 "О мерах по дальнейшему совершенствованию механизмов жилищного обеспечения и строительства жилья для граждан…Указ · 30.01.2024 · № 10
- Указ Президента КР от 17 июля 2024 года УП № 191 "Об утверждении государственной жилищной программы Кыргызской Республики "Менин үйүм"Указ · 17.07.2024 · № 191