Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, коомдук тамак-аш жайларында санитардык- эпидемиологиялык кызматын көрсөтүлүп жаткан кызматтардын абалы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 23 Баткен шаарынын аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, коомдук тамак-аш жайларында санитардык- эпидемиологиялык кызматын көрсөтүлүп жаткан кызматтардын абалы жөнүндө
Коммуналдык гигиенасы объектилердин саны-60. Алар төмөнкүлөр: Ичүүчү таза суу объектилери-1, дарылоо мекемелери -18, чачтарач сулуулук салондор -16, мейманканалар -7, мончолор-18, башка объектилер -4. Текшерүү учурунда лабораториялык изилдөөлөргө үлгү алынып, текшерүү жүргүзүлгөн. Жалпы 38 санитардык милдеттендирме берилип, талаптарды аткарбаган объектилерге 15 протокол толтурулуп, 85000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
2023-2024-жылдар ичинде Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы саламаттыкты сактоо тармагы боюнча координациялык комиссиясынын өткөрүлгөн кенешмесинде Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “ Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын абалы каралып, шаардык комиссиясы тарабынан чечим кабыл алынган. Чечимдин аткарылышы Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан бүгүнкү күнгө чейин шаардык комиссиянын чечими ичүүчү таза суу ишканасында санитардык гигиеналык талаптар аткарылбай келүүдө. Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент №34 мыйзамы аткарылган эмес. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылбагандыктан, Баткен район аралык ОАА жана МСЭК борборунун санитардык бөлүмү тараптан 4 протокол толтурулуп 56000 сом айып пул салынган.
Тамак аш гигиенасы боюнча жалпы Баткен шаарында көзөмөлдөгү объектилерге пландуу жана рейдтик текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Санитардык милдеттендирме берилгенинин саны - 44. Тамак-аш тармагында иштеген жумушчуларга 5 жолу семинардык сабактар өтүлдү. Баткен шаарында жайгашкан базарда такай рейдтик көзөмөлдөр жүргүзүлүп турат. Азык-түлүк саткан дүкөндөргө азык-түлүктөрдүн мөөнөтүн жана сактоо тартибине рейдтик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турган. 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөгү мыйзамын аткаруу боюнча Баткен шаарында жайгашкан дүкөндөрдө рейдтик текшерүүлөрдү жүргүзүп, түшүндүрүү иштери аткарылып, 38 санитардык милдеттендирмелер берилген. Пландуу текшерүүлөргө 30 объект киргизилип текшерүү жүргүзүлгөн. Тешерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 90000 сом айып пул салынган
Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы боюнча шаардагы жалпы мектеп, бала-бакча, кесиптик лицей, "Нур" калыптандыруу борборлоруна пландуу жана рейдтик текшерүүдөн өткөн. Жайкы балдардын эсалууга чыгуучу мекемелери, жайкы лагерлер жана медереселер текшерүүдөн өтүлгөн. Бала бакчалардын, медицина кызматкерлердин арасында семинарлар өтүлгөн. Табылган кемчиликтердин натыйжасында санитардык милдеттендирмелер берилип эскертилген. Мектептерде, балдарбакчаларында балдарга берилип жаткан ысык тамак-аштардын санитардык –эпидемиологиялык абалына пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн . Келтирилген кемчилдиктерди аткаруу үчүн 44 санитардык милдеттендирме берилип, 33000 сом айып пул салынган. Шаардын аймагында 1 үй тибиндеги бала бакчанын кызматкерлерине санитардык –эпидемиологиялык талаптар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эмгек гигиенасы боюнча шаар аймагында 35 объект көзөмөлдө турат, Алар унаа оңдоочу жайлар, унаа жуучу жайлар, кийим тигүүчү жайлар, май куйуучу жайлар, жана башка объекттер. Өнөр жай объектилерине текшерүүлөргө убактылуу тыюу салынгандыктан пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн жок. Экспертизалык кызмат көрсөтүү бөлүмү боюнча жер ажыратуу боюнча келген каттардын баарына жооп берилген. Жер мунапысы боюнча бардык арыздарга КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун негизинде корутундулар берилген. Жугуштуу оорулардын катталышы боюнча Жугуштуу оорулардын көпчүлүк түрүнөн шаарда стабилдүүлүк сакталууда.
Ич келте Ботулизм Кутурма Сибир жарасы А, В, С паратифи Башка сальмонеллез инфекциялары Бактериялуу дизентерия Көк жөтөл Бактериалык менингиттер ж.б. катталган жок.
Жугуштуу сарык оорусунун А түрү менен 2023-жылы 134 учур катталган болсо, 2024-жылы 300 оорулуу учур катталып, салыштырмалуу 300 учурга көбөйгөн. Жугуштуу сарык оорусунун С, Е түрлөрү 2024-жылыкатталган эмес. Бруцеллез оорусу менен ооругандар 2023-жылы 1 учур катталаган болсо, 2024-жылы 3 учур катталып, салыштырмалуу 2 учурга кобойду. Бейтаптарга эпид иликтөө жүргүзүлүп, ветеринардык кызмат менен биргеликте бул оорунун алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлдү. Кургак учук оорусу менен ооругандар 2023-жылы 25 учур катталган болсо, 2024-жылы 12 учур катталып, салыштырмалуу 13 учурга азайган. Бардык бейтаптарга эпид иликтөө жүргузүлүп, контактта болгон жакындарына Баткен облустук медицина борбору менен биргеликте тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Кутурма оорусун болдурбоо жана анын алдын алуу иштери 16.12.2022-жылдагы №1458 "Кыргыз Республикасында адамдардын кутурма оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү жөнүндөгү" буйругунун негизинде жүргүзүлөт. 2023-жылы ар түрдүү жаныбарлардын тиштөөсүнөн ж.б. ар кандай жагдайлар менен жабыркагандар боюнча 61 учур катталган болсо, 2024-жылы 45 учур катталып, салыштырмалуу 16 учурга азайган. Жабыр тарткан жарандарыбызга жогорудагы буйруктун негизинде жардам көрсөтүлдү Иммунология боюнча маалымат 2024-жылы шаарда эмдоо менен башкарылуучу оорулардан кептөөр сенек, кызылча, көк жөтөл, шал оорулары катталган жок. КӨЙГӨЙЛӨР: Баткен РАОАА жана МСЭКБ өзүнүн координациялык милдетин жана санитардык көзөмөлдөрүн, жугуштуу оорулардын алдын алуу иш аракеттерин областтын 3 район, 3 шаарына жүргүзүп келет.
Баткен РАОАА жана МСЭКБ штаттык бирдиги мурдакыдай эле Баткен районун деңгээлинде эле калганы өкүнүчтүү, областтык деңгээлде штаттык бирдиктер кошумча берилген эмес. Натыйжада область боюнча иш аракеттерди жүргүзүүдө кыйынчылыктар болот. Кадр маселелери боюнча дагы кыйынчылыктар бар. Медицина академиясын жана медициналык факультетти бүтүрүүчүлөр айлык акынын аздыгынан, үй жер маселелерин чечилбегендигинен келишпей жаткандыгы дагы өкунүчтүү. Жергиликтүү бийликтер тарабынан бүтүп келүүчүлөргө жер, үй маселелирин чечип берилсе, айлык акыга кошумча каражаттарды бөлүп беришсе кадрлар менен камсыз кылуу маселеси чечилмек. Баткен РАОАА жана МСЭКБда санитардык врачтар, эпидемиолог, паразитолог врачтар жетишпейт. Бүгүнкү күндө Баткен РАОАА жана МСЭКБда санитардык көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдө 2 гана санитардык врач, ал эми жугуштуу оорулар менен иш алып баруучу эпид.бөлүмдө 1 гана врач эпидемиолог, 1 гана врач иммунолог иштеп жатышат. Натыйжада иш толук кандуу жүргүзүүдө көптөгөн кыйынчылыктар болууда. Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, коомдук тамак- аш жайларында санитардык эпидемиологиялык кызматтын көрсөтүлүп жаткан кызматтарында жетишсиздиктер бар экендиги көңүлгө алынсын
2.Шаарынын аймагындагы санитардык тазалыкты камсыз кылуу үчүн төмөнкү иш-чаралар аткарууга алынсын:
-Шаардын аймагындагы бардык кызмат көрсөтүү жайлары жана коомдук тамактануучу жайлардын санитардык тазалыгын талапка ылайык келтирүү; -Шаардын борбордук жана ички көчөлөрүн, коомдук жайлардын тазалыгын камсыз кылуу жана таштандыларды талапка ылайык атайын жайларда жок кылуу; -Санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга, муниципалдык кызматтардын биргелешип иш алып баруусун жандандыруу; -Шаардагы коомдук кызмат көрсөтүү жайларынын ээлери менен заман талабына ылайык ишмердүүлүк жүргүзүү талабын коюу;
2.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссияга /Абдинаби у С/ тапшырылсын
Төрага
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 201 "Об утверждении актов в области общественного здравоохранения"Постановление · 11.04.2016 · № 201
- Закон «О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля»Закон · 15.09.2021 · № 121