Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин «Раззаков шаарынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьектилерин жана эстеликтерин таануу жана тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы) 2024-жылдын 28-февраль №2 Раззаков шаарынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьектилерин жана эстеликтерин таануу жана тизмесин бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьектилерин жана эстеликтерин таануу жана тизмесин бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү» №91 Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтомуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьектилери жана эстеликтери эстелик катары таанылсын, коргоого алынсын, тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин жана мамлекеттик тизмеге киргизилсин. ( Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.А.Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы №2 токтому менен бекитилген.
Раззаков шаарынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас эстеликтеринин санарип тизмеси
№
Эстеликтин аталышы
Жайгашкан орду (дареги боюнча толук маалымат)
Типологиялык тиешелүүлүгү жана датировкасы
Категориясы (республикалык, жергиликтүү мааниде)
Эстелик катары тааныган чечим/токтом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими)
Пайдалануучу /же менчик ээси
Азыркы абалы
Абалын жакшыртуу жана ремонттоо үчүн бөлүнгөн акча каражаттын көлөмү/Качан жана кайсы булактан каржыланган (Акыркы 5 жылдын ичинде)
Сүрөтү
1
С.Садыковдун бюсту
Лейлек району, Самат айылы, Самат мектебинин алдында болчу. Мектеп бузулуп, Азыр "Келечек" балдар бакчасынын алдында.
Тарыхый 1967-ж
Респ.
Токт.№708 30.12.82-ж
Раззаков ш/м
Жакшы
Бюст 1967-жылы коюлган. Материалы бетон. Жалпы бийиктиги – 2,4 метр. Бюст – 1,5 метр. Автору: Кравинский А.К.
2
Исфана шаарчасы
Раззаков шаары
Археолог. XIV-XV к, (X-XV к)
Респ.
Токт. №568 20.08.2002-ж
Раззаков ш/м
Курчоого алынбаган
2024-жылы Тендер жарыяланып өткөн. 540046 сом бөлүнгөн.
3
В.И.Лениндин бюсту
Раззаков шаары, (мурдакы с.Исфана у райкома партии)
Искусство
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жок
Бюст жок болгон. Азыркы мэриянын имараты мурда райкомпартия болгон.
Жок
4
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстелик.
Раззаков шаары, Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин алдында, Миңбай Жалилов көчөсү №45.
Тарыхый 1968-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
1968-жылы Ю.А.Гагарин мектебинин директору А.Ходжаматовдун демилгеси менен тургузулган.
5
В.И.Лениндин бюсту
Раззаков шаары, Лейлек райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдында. Додосьян көчөсү №53. (Мурдакы с.Исфана, военкомат).
Искусство 1981-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
1969-жылы “Ленин” атындагы колхоз болгондуктан, Лениндин бюсту коюлган. Кийин “Самат” колхозу болуп өзгөргөн. Азыркы учурда социалдык камсыздоо бөлүмүнүн имараты. Лениндин бюсту 2021-ж Маселиев Бабыраимдин демилгеси менен ондоп-түзөлгөн.
6
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган обелиск.
Раззаков шаары, А.Навои мектебинин аянтында, "СССРдин 60 жылдыгы" көчөсү.
Тарыхый 1980-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
1980-жылы Ш.Кундузовдун демилгеси менен мугалимдердин, 11-кл бүтүрүүчүлөрүнүн күчү менен ашар жолу менен курулган.
7
Мазар (христиан)
Раззаков шаары
Археолог.
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Орто
8
И.Раззаковдун бюсту
Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү №1/1, И.Раззаковдун музейинин ичинде.
Тарыхый 1990-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
1990-жылы музей уюштурулгандыктан коюлган. Скульптору Т.Садыков
9
Ооган согушунда курман болгондорго арналган эстелик
Раззаков шаары, Музейлер комплекси, И.Раззаков көчөсү №1.
Тарыхый 1990-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
Эстелик 1990-жылы тургузулган. 2015-жылы райондун элинин бир күндүк айлык акысы которулуп, кайрадан оңдоп-түзөлгөн.
10
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган обелиск.
Раззаков шаары, Музейлер комплекси, И.Раззаков көчөсү.
Тарыхый 1986-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Бузулган. Ордуна 1941-1945 жылдары курман болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун ысымдары ташка чегерилип жазылган. Боз үйдү элестетет.
Жок
Жок
11
С.Садыковдун бюсту
Раззаков шаары, Музейлер комплекси, И.Раззаков көчөсү №1.
Тарыхый 1990-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
Материалы темирден.
12
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган обелиск.
Тайлан айылы, Тайлан мектеби, К.Тажибаев атындагы көчө.
Тарыхый 1967-ж
Жерг.түү
Раззаков ш/м
Жакшы
2011-жылы 9-майга карата АРИС тарабынан жалпы 534981 сомго оңдолгон.
13
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор, дайынсыз жоголгондор жана кайтпай калгандардын урматына тургузулган 1941-1945 эстелиги
Раззаков шаары, Музейлер комплекси, И.Раззаков көчөсү.
Тарыхый 2005-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Алгач 1986-жылы курулган. Кийин 2005-жылы кайрадан оңдоп-түзөөдөн өтүп, түндүк формасында жасалган.
14
Согуштун жана ооруктун каармандарына арналган аскердик техника (БМП-1 согуштук танкы).
Раззаков шаары, Раззаков көчөсү, 1941-1945 эстелигинин жанында.
Тарыхый 2019-ж 9-май
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
№19 02.07.2019-жылдагы токтомдун негизинде Раззаков шаар мэриясы тарабынан кат жолдонуп, С.Садыковдун 100 жылдык маарекесине карата аскер техникасын алып келүү үчүн 98000 сом акча, ал эми орнотуу үчүн 149588 сом акча бөлүнүп берилген.
15
С.Садыковдун бюсту
Раззаков шаары, Музейлер комплекси, "Даңк" музейинин алдында. И.Раззаков көчөсү №1.
Тарыхый 2015-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2015-жылы С.Садыковдун иниси, Жогорку Кеңешке депутат Тиллаев Таабалды Гапырович тарабынан тургузулган. Материалы гранит.
16
С.Садыковдун бюсту
Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү №21, Раззаков шаар мэриясынын ичинде.
Тарыхый 2016-ж 24-октябрь
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
№28/5 16.08.2016-жылдагы токтомдун негизинде 2016-жылы 24-октябрда коюлган. Айкелчи Т.Садыков жасаган. 300,0 миң сом акча каражаты жумшалган.
17
И.Раззаковдун эстелиги
Раззаков шаарынын киришинде.
Тарыхый 2022-ж апрель
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Эң жакшы
2000-жылы И.Раззаковдун 90 жылдык мааракесине карата борбордук аянтка коюлган. 2021-жылы мэрия тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөн. 2022-жылдын апрель айында Раззаков шаарынын киришине борбордук аянттан көчүрүлүп алып барып коюлган.
18
И.Раззаковдун эстелиги
Исфана шаары, райондук маданият бөлүмүнүн алдында, Манас-Ата көчөсү.
Тарыхый 1998-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Бишкек шаарында жашаган Лейлектиктерге С.Бөрүбаев марафон уюштуруп, түшкөн акчага скульптор Т.Садыковго И.Раззаковдун эстелигин жасатып 1998-жылы 2-ноябрда Э.Каримов алып келген.
19
Т.Жапаровдун бюсту
Чимген айылы, Т.Жапаров мектебинин алдында, Булак-Башы көчөсү №22.
Тарыхый 2000-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Д.Бердиевдин демилгеси менен 2000-жылы коюлган. Ходжент областынан жасатылып келинген.
20
У.Маткаримовдун бюсту
Раззаков шаары, №4 гимназиянын алдында. Ленин көчөсү №68
Тарыхый 2000-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Д.Бердиевдин демилгеси менен 2000-жылы 7-майда Ходжент областынан жасатылып келинген. Бюст 27500 сомго тургузулган.
21
С.Садыковдун бюсту
Кара-Таш айылында. Раззаков шаар башкармалыгы.
Тарыхый 2010-ж 9-май
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2010-жылы 9-майда коюлган. Автору Т.Садыков
22
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстелик.
Раззаков шаары, Токтогул мектебинин алдында
Тарыхый 2011-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2011-жылы мектептин директору Д.Худайназаровдун демилгеси менен орнотулган. Демөөрчүлөр Б.Саитов, З.Исмоилов жана мектеп жамааты.
23
Г.Кошмуратовдун бюсту
Раззаков шаары, Салык кызматынын жанында. Кошмуратов көчөсү №5.
Тарыхый 2015-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2015-жылы Г.Кошмуратовдун балдары тарабынан тургузулган. Материалы гранит. Скульптор Тургунбек Касымбеков жасаган.
24
Ю.А.Гагариндин бюсту
Раззаков шаары, Ю.А.Гагарин мектебинин ичинде, Миңбай Жалилов көчөсү №45.
Памятник монументального искусства. Тарыхый 2019-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Мектеп Ю.Гагариндин атын алып жүргөндүктөн, мектептин директору Анарбек Садыковдун демилгеси менен Ю.А.Гагариндин бюстун 1969-жылкы төрөлгөндөр 2019-жылы мектепке коюп берген. Бюстту Ленинабад шаарынан Бактыбек Абдикеримов жасатып келген.
25
Кыздын айкели (Парковая скульптура)
Раззаков шаары, Самат Садыков атындагы парктын ичинде
Парк скульптурасы. Искусство 1976-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Орто
1976-жылы Дооран Абдикеримов Алматы шаарынан жасатып алып келген. 2021-жылы мэрия тарабынан 42395 сом акча жумшалып, оңдоп-түзөөдөн өткөн.
26
Исхак Раззаковдун эстелиги
Раззаков шаары, борбордук аянтта жайгашкан. Г.Кошмуратов көчөсү.
Тарыхый 2022-ж 27-октябрь.
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Эң жакшы
2022-жылы 27-октябрда эстеликтин ачылуу аземи болгон. Демөөрчүсү-И.Раззаков фондунун төрагасы Замирбек Осмонов. Эстелик Бишкек шаарында жасалган. Материалы толук бронзадан, бийиктиги - 4 метр, салмагы - 1,5 тоннага жакын. Автору - Тургунбай Садыковдун окуучусу Калматов Абдисапа Имамалиевич. Бронзадан куйганыны Усибаев Марис аткарган.
27
Түпсаада шаарчасы (Городище Түпсаада)
Городище расположено на территории г.Раззаков (г.Исфана) на терассе правого берега реки Кара-Суу. Түпсаада мазары. Мазар үстү.
Археолог. X-XIIк
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
28
Тайлан чеби (Крепость Тайлан)
Тайлан айылы, шаардын борборунан түштүк-батышта жайгашкан
Археолог. X-XVI к.
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Орто
29
Мэриянын имараты (Здание мэрии)
Раззаков шаары. И.Раззаков көчөсү №21
Архитектуралык (Памятник архитектуры) 1956-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Эң жакшы
Имарат капиталдык ремонттон өткөн.
30
Райондук администрациянын имараты (Здание акимията)
Раззаков шаары. Г.Кошмуратов көчөсү №46
Архитектуралык (Памятник архитектуры) 1984-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Имарат 1984-жылы 3 кабаттуу болуп курулган. Бүгүнкү күндө оңдоо иштери жүргүзүлүп, жакшы абалда. Архитектору Избасаров Кубаныч.
31
Каттабек мечитинин имараты. Борбордук мечит (Здание мечети Каттабек)
Раззаков шаары. И.Раззаков көчөсү №51
Архитектуралык (Памятник архитектуры) 2004-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2004-ж Мурат Жураевдин демилгеси менен тургузулган. Өзүнүн демөөрчүлүгү менен оңдоо иштерин жүргүзүп келет. 2024-жылы сырты ремонттолду.
32
"Аймак таануу жана тарых" музейинин имараты (Музей регионоведения и истории)
Раззаков шаары. И.Раззаков көчөсү №28
Тарыхый (Памятники истории) 1926-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Эски
Ар кандай типте иштеп келген имарат 1986-жылы тарых музейи болуп уюшулган. А.Ыбыкеевна тарабынан 2008-жылы музейдин ичи реэкспозицияланган.
33
Исхак Раззаковдун музейинин имараты (Музей Раззакова)
Раззаков шаары. Раззаков көчөсү №1/1
Тарыхый (Памятники истории) 1990-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2010-2011-жылы А.Ыбыкеевна тарабынан музейдин ичи реэкспозицияланган. 2022-жылы З.Осмоновдун демөөрчүлүгү менен музейдин сырты косметикалык ремонттон өткөн.
34
Эскерүү аллеясы (Аллея памяти)
Раззаков шаары. И.Раззаков көчөсү №1.
Тарыхый 2013-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2013-жылы ачылган. Согушка барып катышышкан аталардын ысымдары ар бир айыл өкмөтү боюнча жазылып тургузулган. ЛРМА тарабынан.
35
Баткен коогалаңында жана Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгондорго тургузулган эстелик.
Раззаков шаары. И.Раззаков көчөсү №1. Музейлер комплексинин аянтында.
Тарыхый 2024-ж 31-август
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
ЛРМАнын сунушу менен жеке ишкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин демөөрчүлүгү менен 4 млн. сом акча каражаты жумшалган. Калыбы Кытайдан алып келинген. Скульптору - Азамат Абдрахманов. Асты бетон сырты иммитация бронзадан. Монолит. Салмагы - 800кг. Бийиктиги - 2 метр 20 см.
36
И.Раззаковдун бюсту
Раззаков шаары. И.Раззаков атындагы №2021 аскер бөлүгүнүн аянтында жайгашкан.
Тарыхый 2006-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
Аскер бөлүгүнүн эсебинен 64480 сом акча каражаты жумшалган.
37
Самат Садыковдун бюсту
Самат айылы, жаңы курулган С.Садыков ат-гы орто мектептин алдында жайгашкан.
Тарыхый 2010-ж
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
38
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстелик.
Раззаков шаары, Исфана орто мектебинин аянтында жайгашкан. А.Азизов көчөсү.
Тарыхый 2020-ж 9-май
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жакшы
2020-жылы мектептин директору Д.Худайназаровдун демилгеси менен орнотулган. Демөөрчүлөр: мектеп директору, мектеп жамааты, ардагерлердин балдары. Материалы: кирпич, темир, бетон.
39
Чынар мазары
Раззаков шаары. Чынар көчөсү, эски мазар
Археолог.
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Элдин айтуусу боюнча бул жерден оюлуп жазылган таштар болгон.
40
Ахун Баба мазары
Раззаков шаары. Темич-Кол участкасы.
Ыйык жер
Жерг.түү
Раззаков шаар мэриясы
Жергиликтүү эл тарабынан олуя деп таанылган адамдын сөөгү коюлган күмбөз бар.
Жалпы:
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.