# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2025-жылынын 20-февралындагы №01-5/18 “Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2025-жылынын 20-февралындагы №01-5/18 “Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/18
- Дата принятия: 20.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023678>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39276/edition/28400/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2025-жылынын 20-февралындагы №01-5/18 “Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 20.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023678

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 20-февралы №01-5/18

Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык «турак жай имараттары жана жайлары үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилүүчү ставкаларга ылайык» 1 квадрат метр үчүн 100сомдон ашпоого тийиш болгон өлчөмдө бекитип берүүнү сураган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:

1. «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарында турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасы 10(он) сом суммада белгиленип бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Н.А. Абдуразаков
