# Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрели № 07 "Укук бузуулар жɵнүндɵ иштерди караган комиссиялар курамын бекитүү жɵнүндɵ" токтому

- Полное наименование: Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрели № 07 "Укук бузуулар жɵнүндɵ иштерди караган комиссиялар курамын бекитүү жɵнүндɵ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 07
- Дата принятия: 16.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023610>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78427/edition/28337/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрели № 07 "Укук бузуулар жɵнүндɵ иштерди караган комиссиялар курамын бекитүү жɵнүндɵ" токтому (ред. от 16.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023610

---

ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 16-апрели № 07

Укук бузуулар жɵнүндɵ иштерди караган комиссиялар курамын бекитүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 Укук бузуулар жɵнүндɵгү кодекси,Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 24-январь 2023-жыл №35 Укук бузуулар жɵнүндɵ иштерди караган комиссиялар жɵнүндɵгү типтүү жобону жетекчиликке алып

1.Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча укук бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча тɵмɵнкү курамда комиссия түзүлсүн.

1.Бейшеналиев Б.-жоопту катчы,тɵрагасы

2.Андашев У.–жер маселелери боюнча башкы адис,катчысы

3. Абдыкадыров Ш.- МИ жетекчиси

4. Абдыкадыров Э.- Тегирменти айылынын айыл башчысы

5. Эсеналиев А.-Ак сакалдар сотунун тɵрагасы

6. Кебеков Ɵ.-жергиликтүү кеңештин депутаты.

7.Турсуналиев Ж.-Шабдан айылынын айыл башчысы

2.Комиссия мүчɵлɵрү:

-- ушул кодекстин негизинде иштерди алып барышсын. --укук бузуулар катталса мыйзам чегинде протоколдор түзүлүп каттоого алынсын.

3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысына жүктɵлсүн.

Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы

А.Ш.Шейшенбеков
