# Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрели № 08 "Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын бекитүү жɵнүндɵ" токтому

- Полное наименование: Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрели № 08 "Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын бекитүү жɵнүндɵ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 08
- Дата принятия: 16.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023609>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78426/edition/28336/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрели № 08 "Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын бекитүү жɵнүндɵ" токтому (ред. от 16.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023609

---

ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 16-апрели № 08

Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын бекитүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ”мыйзамынын 34-беренесинин (Айылдык аймактардын,шаарлардын,жергиликтүү кеңештердин компетенциялары) 17-пунктун (мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү) жетекчиликке алып Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча дыйкандардын ɵндүргɵн айыл чарба товарларын коромжуга учуратпай жыйнап алуу максатында

1.Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча талаачылык коруктардын убактысы тɵмɵндɵгүдɵй бекитилсин:

- айыл чарба багытындагы жерлерди коруу 10-майдан 10-октябрга чейин бекитилсин.

- малдын ээси камаган корукчуларга (сыйлык катары) 1-жолу – 200 сом; 2-жолу – 500 сомдон (ар бир бодого) накталай тɵлɵп берсин.

- Жери бар атуулдар корукчуларга айыл чарба жерлерин коругандыгы үчүн, ɵз ара келишимдин негизинде корук акысын тɵлɵп беришсин.

2.Айыл ɵкмɵт башчысына:

- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 Укук бузуулар жɵнүндɵгү кодексинин негизинде иш алып барсын.

- корукчулар менен келишимдер түзүлсүн.

- жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

- укук бузуулар катталса мыйзам чегинде протоколдор түзүлүп каттоого алынсын.

3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысына жүктɵлсүн.

Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы

А.Ш.Шейшенбеков
