Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин «Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын бекитүү жɵнүндɵ» токтому
ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 08
Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ”мыйзамынын 34-беренесинин (Айылдык аймактардын,шаарлардын,жергиликтүү кеңештердин компетенциялары) 17-пунктун (мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү) жетекчиликке алып Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча дыйкандардын ɵндүргɵн айыл чарба товарларын коромжуга учуратпай жыйнап алуу максатында
1.Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча талаачылык коруктардын убактысы тɵмɵндɵгүдɵй бекитилсин:
- айыл чарба багытындагы жерлерди коруу 10-майдан 10-октябрга чейин бекитилсин.
- малдын ээси камаган корукчуларга (сыйлык катары) 1-жолу – 200 сом; 2-жолу – 500 сомдон (ар бир бодого) накталай тɵлɵп берсин.
- Жери бар атуулдар корукчуларга айыл чарба жерлерин коругандыгы үчүн, ɵз ара келишимдин негизинде корук акысын тɵлɵп беришсин.
2.Айыл ɵкмɵт башчысына:
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 Укук бузуулар жɵнүндɵгү кодексинин негизинде иш алып барсын.
- корукчулар менен келишимдер түзүлсүн.
- жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- укук бузуулар катталса мыйзам чегинде протоколдор түзүлүп каттоого алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысына жүктɵлсүн.
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы
А.Ш.Шейшенбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Кодекс Кыргызской Республики о правонарушенияхКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123