# Кара-Бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №23 "Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Кара-Бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №23 "Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23
- Дата принятия: 25.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023564>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39192/edition/28287/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №23 "Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому. (ред. от 25.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023564

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы 2025-жылдын 25-февралы № 23 Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 22.11.2024-жылдагы №01-13/3511 жана 16.02.2023-ж № 01-13/254 сандуу аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылын аймагында жайгашкан

№146 контурундагы-16,64 га –таштуу жайыт жер, №148 контурундагы-0,23 га, башка жерлер №149 контурундагы-0,21 га, башка жерлер №178 контурундагы-0,10 га, башка жерлер №300 контурундагы-5,20 га, таштуу жайыт жер №307 контурундагы-7,80 га, таштуу жайыт жер

Жалпы 30,18 га жер аянты “Айыл-чарба”багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Дилишатов
