Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Бак айылдык кенешинин «Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому.
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы 2025-жылдын 25-февралы № 23 Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 22.11.2024-жылдагы №01-13/3511 жана 16.02.2023-ж № 01-13/254 сандуу аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылын аймагында жайгашкан
№146 контурундагы-16,64 га –таштуу жайыт жер, №148 контурундагы-0,23 га, башка жерлер №149 контурундагы-0,21 га, башка жерлер №178 контурундагы-0,10 га, башка жерлер №300 контурундагы-5,20 га, таштуу жайыт жер №307 контурундагы-7,80 га, таштуу жайыт жер
Жалпы 30,18 га жер аянты “Айыл-чарба”багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Дилишатов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.