# Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 35
- Дата принятия: 24.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023503>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39150/edition/28185/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтому (ред. от 24.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023503

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2025-жылдын 24-февралы № 35 Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн протоколдук тапшырмасынын жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 6-февралындагы №01-25/187 сандуу чыгыш катынын негизинде талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №165 Мыйзамына ылайык, административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу кайра кароонун зарылчылыгы жок экендиги белгиленсин.

2. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К. Шакиров
