Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
торт-Гүл айылдык кенешинин «Чек айылынын тургуну Зайилов Эркебайдын өзүнө таандык болгон 0,25га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезексиз III-сессиясы
2025-жылы 7-февралы №4
Чек айылынын тургуну Зайилов Эркебайдын өзүнө таандык болгон 0,25га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 мыйзамынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрында №665 сандуу токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын чыга беришиндеги Р-6 каналынын түштүк тарабындагы Э.Зайиловдун өзүнө таандык болгон 0,25га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын чыга беришиндеги Р-6 каналынын түштүк тарабындагы Э.Зайиловдун өзүнө жеке менчигине таандык болгон №281-контурларында жайгашкан 0,23 га жер аянты таштуу жайыт жерлер, №284 контурунда жайгашкан 0,002 жер аянты башка (прочий) жерлер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын чыга беришиндеги Р-6 каналынын түштүк тарабындагы Э.Зайиловдун өзүнө таандык болгон 0,25 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Торага:
А.Суранчиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 4 ноября 2024 года № 665 "Об утверждении Положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 04.11.2024 · № 665
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу