# Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 25-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин токтому

- Полное наименование: Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 25-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 25.12.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.12.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023191>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38979/edition/27863/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.12.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 25-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин токтому (ред. от 25.12.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023191

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2024-жылдын 25-декабры № 7

Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын прокуратурасынын 2024-жылдын 4-июнундагы №А24/141-04-13в-649-00187 каршылык билдирүүсүндө көрсөтүлгөн талаптын негизинде, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 17-декабрындагы №4 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 1.11. пункту толугу менен өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жер участоктору төмөнкү окуялардан улам майып деп табылган, жаракат алган жана мертинген адамдарга, ошондой эле каза болгон адамдардын балдарына биринчи кезектеги тартипте берилет: -2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда; -2005-жылдын 24-мартындагы Бишкек шаарында; -2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында; -2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда; -2010-жылдын 13,14,19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында; -2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышууларда. Ошондой эле, биринчи кезектеги тартипте жер участогу жакын туугандык мамиледе болгон үч жана андан ашык үй-бүлө менен биргеликте бир турак жайда үй-бүлөсү менен чогуу жашаган бир үй-бүлө мүчөсүнө жана көмүр шахтасында жер астындагы өткөөл чыгаруучу болуп 25 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз эмгектенген жана өндүрүш процессинде каза болгон шахтерлордун балдарына берилет”.

2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т.Баетов
