Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 11 Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын34-беренесинин 1-пунктуна жана Баткен регионалдык шаар куруу башкармасынын, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу максатындагы сунушунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Шаар аймагында корнок-жарнактарды колдонуу ченемдик укуктук актыларында жол- жоболору менен макулдашуу жургузулоору эскертилсин
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Артыкбаев) тапшырылсын.
Төрага:
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123