Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 19/IV
Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин тузүлүшүнө, курулуш -монтаждоо жана оңдоо иштерине жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча маалыматты карап жана талкуулап, Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абакировго жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык башчысы П.Джумабековага:
- Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлердин ижара акысына дебитордук карыздардын суммалары жана кирешелердин болгон булактарын толук эсепке жергиликтүү бюджетти бекитүүдө эске алынып, 2024-жылдын пландык мерчеми көбөйтүлсүн. Ошондой эле АЧЖМФ жерлеринин дебитордук карыздары Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2023-жылы 1-январына карата калган 1675,5 миң сом жана мурдагы Красноречка айыл өкмөтүнүн 2023-жылы 1-январына карата калган 266,4 миң сом бюджетине өндүрүлсүн.
- «Гүл балалык» бала бакчасында инвентаризациялоонун жыйынтыгында тамак-ашка жетпей калуу фактысы аныкталгандыктан 2,5 миң сом калыбына келтирилип, мындан ары балабакчалардын тамак-аштары катуу көзөмөлгө алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруу максатта, мындан ары турак жай бөлүмүндөгү тейлөөчү кызматкерлерин жаңы ачылып жаткан муниципалдык иш-канага өткөрүлүп берилсин.
- Негизги каражаттарды тандалма аудитинде 2022-жылы чыгарылган мамлекеттик номери 08KG669CE АМКОДОР 702ЕM тракторунун наркы 150,0 миң сомго бухгалтердик эсепке аз кириштелген, аудиттин жүрүшүндө трактордун балансттык наркы 150,0 миң сомго жогорулатылган. Мындан ары. негизга каражаттарды бухгалтердик эсепке алууда Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги №76 «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобонун талаптары так аткаруу менен жүргүзүлсүн.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абакировго жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык башчысы П.Джумабековага 2022-жылы аткарылган курулуш-монтаждоо иштерин боюнча:
- «Нурманбет айыл өкмөтүнүн бала бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо» объектиси боюнча «Удаа Инжиниринг» ЖЧКсы тарабынан 33,2 миң сом калыбына келтирилсин.
- «Нурманбет айылындагы ҮДТ(ГСВ) котельнаясын куруу» объектиси боюнча подрядчик «Азинур ЛТД» ЖЧКсы тарабынан 29,3 миң сом калыбына келтирилсин.
- «Нурманбет айылындагы ҮДТ(ГСВ) жылытуу системасын оңдоо» объектиси боюнча подрядчик «Азинур ЛТД» ЖЧКсы тарабынан 8,0 миң сом калыбына келтирилсин.
- «Нурманбет айылындагы ҮДТ(ГСВ) көкртөндүрүү жана тосмо орнотуу» объектиси боюнча подрядчик «Азинур ЛТД» ЖЧКсы тарабынан 11,8 миң сом калыбына келтирилсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н.С. Бекбоева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Приказ Министерство финансов КР от 22 января 2024 года № 1-П "Об утверждении Положения по организации и ведению бухгалтерского учета организациями сектора государственного…Приказ · 22.01.2024 · № 1-П
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу