# Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/3
- Дата принятия: 24.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022859>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78406/edition/27504/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому (ред. от 24.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022859

---

БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясынын

2025-жыл 24-январындагы №2/3

Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексин жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын жетекчилике алып, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 17.01.2025-жыл №01-09/25 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын редакциясына ылайык, Барпы айыл аймагындагы, турак-жай имраттар үчүн салыктын ставкасы 50 (элүү) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

2. Турак-жай имараттар үчүн бекитилген салыктын ставкасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана салык жыйноодо мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика, укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана ѳз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен ѳз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Апсаламовго милдеттендирилсин

Төрага

У.А. Абдыкулов
