Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин «Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө» Токтому
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №11
Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө
Оргочор айыл аймагында таштандыларды тазалоо, чыгаруу иштери Кызыл –Суу айыл өкмөтʏнө караштуу “Тазалык ” муниципалдык ишканасы менен иш алынып барылат. Ишканага таштанды чыгаруу үчүн ар бир кожолук 100 (жʏз ) сомдон акча каражатын төлөп жаткандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” боюнча 24-главасынын 75-беренеси жыйымдын ставкасына таянып, Оргочор айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси С.Шаршембиеванын берген билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” боюнча 24-главасынын 75-беренеси жыйымдын ставкасы эске алынсын.
2. Оргочор айыл аймагы боюнча ар бир кожолуктан салыктык эмес (өз ара салык) кирешелерден чогултулуп жаткан акча каражаты 2025-жылдын январь айынан тартып чогултуу токтотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жана финансы - пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Кодекс «О неналоговых доходах»Кодекс · 10.08.2018 · № 90