# Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы №10 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы №10 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10
- Дата принятия: 31.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022570>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38599/edition/27212/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы №10 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 31.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022570

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы) 2025-жылдын 31-январы № 10 Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысы пайдаланган жер тилкелеринин 0,01га жер аянты үчүн 500сом өлчөмүндө бекитилсин.

Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

C.А.Саматов
