Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы) 2025-жылдын 31-январы № 10 Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысы пайдаланган жер тилкелеринин 0,01га жер аянты үчүн 500сом өлчөмүндө бекитилсин.
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
C.А.Саматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу