Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин «2025-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча программасын бекитүү жөнүндө» токтому.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы) 2025-жылдын 31-январы № 9 2025-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча программасын бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “2025-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2025-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча программасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Программа тиркелет.)
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.А.Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 9 токтому менен бекитилген. Раззаков шаарынын жайыттарын башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун 2025-жылга карата ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
2025-жылга карата программа “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун 2025-жылдын планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндөгү Кодексине ылайык иштелип чыкты. II. Учурдагы абалды талдоо Раззаков шаарынын мэриясы Раззаков жайыт комитетинен жалпысынан 15338,714 га жайыт жерлер акттынын негизинде өткөрүп алган. 2024-жылган карата 312,2491 га жайыт жерлери жарандарга жана жеке ишкерлерге пайдаланууга ижарага берилген. анын ичинен 122,27 га кен байлыктарды казып иштетүү үчүн ал эми 109,285 га короо жай жана башка максаттар үчүн. Турак жай жана өндүрүштүк багыттар үчүн 80,69 га жер аянттары трансформация болуп, жайыт багытыдан чыгарылган. Жайыттарды өнүктүрүүнүн этаптары. Биринчи этап. Раззаков шаарынын аймагындагы жайыт жерлери ижарага жана пайдаланууга берилген келишимдерин жана иш кагазрын мыйзамдуулугун тактоо. Ижарага берилген жайыт жерлерин максатсыз пайдаланган жарандардын келишимдерин жокко чыгаруу жана жайыт жерлерин калыбына келтирүү. Атайын жайыт үчүн пайдалануучу авто унаа жолдорун сүрүп тегиздөө жана жайыт жерлерине инвентаризация иштерин жүргүзүү. Ошону менен бирге деградацияга учураган жерлерди аныктоо жана атайын жайыт чөптөрүнүн уруктарын себүү. Жайыт комитетинин убагында курулган мал суугаруучу жайларды, атайын мал жуунтуучу (купка) курулуштарын жерин тактоо жана курулуштардын абалын көзөмөлдөө. Өзүм билемдик менен жайыт жерлерин бузуп башка максаттарга пайдаланып келген жерлерди тактоо жана өзүм билемдик менен жайыт жерлерин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнундөгү Кодексинин талаптарына ылайык айып пулдарын салуу менен бирге жайыт жерлерин калыбына келтирүү. Эрозияга учураган жердерди калыбына келтирүү жана эрозиянын алдын алуу боюнча иш аракеттерди уюштуруу. Экинчи этап. Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактардагы малдардын башынын санын тактоо. Шаар мэриясынын аймагындагы короо жайларды инвентаризациялоо жана короо жайлар жайгашкан жер тилкелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” №515-токтому менен бекитилген типтүү жобонун жана ушул программанын 3.1-пунктуна ылайык келишимдерди түзүү. Жайыттардын инфраструктурасын жана бюджетин көтөрүү максатында бал топтоочу ишкерлер менен жайыттарды пайдалангандыгы үчүн Жайыттар жөнундөгү мыйзамына ылайык келишимдерин түзүү. 2- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын (мындан ары- Пландар) иштеп чыгуу Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылат.
4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планында жайыттарды туруктуу пайдаланууну жана бардык пайдалануучуларды алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кабарлануусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон негизги бардык маалымат камтылат.
5. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын түзүүдө Раззаков шаарынын мэриясы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын бекитүү учуруна бул органдардан келип түшкөн маалыматтарга ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландарын эске алууга милдеттүү.
6. Жайыт жерлерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына (чогулуштарына) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбоорун Раззаков шаарынын мэриясы сунуштайт.
7. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбооруна сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн учурда, анда Раззаков шаарынын мэриясы алар келип түшкөн учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбоорлорун карап чыгып, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына (чогулуштарына) кайрадан сунуштайт.
8. Ушул белгиленген таблицага ылайык райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбоорун карап чыгуунун жыйынтыгы менен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын баалоо боюнча корутундусун берет.
9 Пландардын долбоорлорунун акыркы редакциясы жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны (чогулушу) тарабынан жактырылат, ал жергиликтүү коомдоштуктун чогулушунун протоколу менен таризделет.
10. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарында (чогулуштарында) Пландардын долбоорлору жактырылгандан кийин, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы Раззаков шаардык Кенешинин кароосуна жана бекитүүсүнө коштомо кат менен киргизет.
11. Пландарды Раззаков шаардык Кенеши бекиткенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар аткарууга милдеттүү.
3- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын иштеп чыгуунун талаптары
12.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына төмөнкүдөй компоненттер кирет:
- жайыттардын чектери, пайдалануудан чыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, сугаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объекттери, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белгиленген карталар;
- оптималдуу жүк;
- жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча пландар;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткө чейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план;
- жылда жаңылануучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы;
- жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы.
4- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын курамы
13. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Жалпы маалыматтар:
1.1 айыл аймактары жөнүндө маалыматтар айылдардын географиялык жайгашуусу, жайыт аянты жана калкы боюнча жана климаттык маалыматтарды, жер ресурстары жөнүндө маалыматтарды конкреттүү түрдө аныктоого тийиш.
1.2 Жайыт ресурстары, инфраструктура жана алардын абалы:
1.3 жайыт участокторунун картасы.
1.4 жайыт ресурстарынын жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, жайыттардын сыйымдуулугу жана абалы).
1.5 жайыт инфраструктура объектилери жана алардын абалы.
1.6 Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалына баа берүү анализи.
1.7 Малдардын саны, алардын жайытка жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждыктары:
1.8 айыл аймагы боюнча малдын саны, үстүбүздөгү жылдагы малды кайра саноонун негизинде түзүлгөн статистикалык маалыматтардын негизинде аныкталат. Аныкталгандан кийин малдын шарттуу санына кайра эсептөө жүргүзүлөт, эквиваленттүүлүгү жаныбарлардын тоютка болгон муктаждыгына жараша аныкталат. Жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнүн санын “шарттуу малга” айландыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.9 Малдын түрлөрү боюнча тоют керектөө төмөнкү формула боюнча аныкталат: Шарттуу баш (ШБ)x5,5 (суткалык тоют керектөө) = кургак заттын суткасына керектөөсү/кг.
2.0 5 жылга карата болжолдуу шарттуу малдын башы жана тоютка болгон муктаждык. Малдын ар бир түрү боюнча өткөн беш жылдыкта малдын өсүшүнө талдоо жүргүзүлүп, малдын орточо жылдык өсүшүнүн алынган көрсөткүчүн малдын быйылкы жылкы көрсөткүчүнө кошуу менен кийинки жылга болжолу чыгарылат.
2.1 сезон боюнча жайыттардагы жана жайыттан башка дагы жер участокторундагы тоюттун көлөмү. Жайыт аянтты/гектарды кургак заттардын түшүмдүүлүгүнө (кг/га) көбөйтүү менен кургак заттын дүң түшүмүн (кг) алабыз, андан кийин жайыттардагы кургак заттардын дүң түшүмүнүн (кг) жыйынтыгын жайыттардан башка жерлердеги кургак заттын дүң түшүмүнө (кг) кошуу менен бардык кургак заттардын дүң жыйымын алабыз. Натыйжада бардык кургак заттардын дүң жыйымын чөптөрдү пайдалануунун коэффициентине (50%-60%) көбөйтүлүп, керектелген кургак затты (кг) алабыз.
2.2. 5 жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, аларды жакшыртуу жана реабилитациялоо боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы.
2.3 Фокус-группалардын сурамжылоонун натыйжалары боюнча жайыт пайдалануучулардын керектөөлөрүн баалоого талдоо, жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарында (чогулуштарында) жайыттардын жана алардын инфраструктурасынын абалына баа берүү, талдоо жүргүзүлөт, атап айтканда:
2.4. жайыттарды жакшыртуу боюнча – жайыттарды эс алдыруунун графигин түзүү (жайыт которуштуруу), жайыттарга малдын жүгүнүн нормасын аныктоо жана белгилөө, жайыттарды үстүртөн жакшыртуу (тоют өсүмдүктөрүн себүү, маданий жайыттарды түзүү), жайыттарды түп-тамырынан бери жакшыртуу, сугаруу, табигый чабындыларды сугаруу аркылуу жайыттын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган чаралар жана жайыттарды жакшыртууга байланышкан башка иш-чаралар.
2.5 климаттын өзгөрүшүн (кургакчылык, калың кардын жаашы, эрте үшүк, сел, суу ташкындары ж.б.) эске алуу менен жайыт инфраструктурасын жакшыртуу - жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер (оңдоо, реконструкциялоо, реабилитациялоо жана куруу).
2.6 жайыттардын абалына мониторинг жана баа берүү иш-чаралары - мониторингдин графигин түзүү, мөөнөтү жана жооптуу адамдар кирет.
2.7 Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо, айыл өкмөтү тарабынан жылына ар бир сезон боюнча жайыттагы өсүмдүктөрдүн максималдуу өсүү убагында жүргүзүлөт.
2.8 Жайыттардын абалына мониторингдин жана баа берүүнүн натыйжалары жайыттарды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылына бир жолу берилет.
2.9 жайыттарды пайдалануу планы, ар жылдык жайыттардын абалын мониторингдөө жана баалоо, малдын башынын санынын негизинде ишке ашырылат.
3.0 жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планында жайытты пайдалануу максаты жана жайыттарды берүү мөөнөттөрү чагылдырылат.
3.1 Жайыттар мал жаюуга байланышпаган башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн, атап айтканда:
- эс алуу үчүн;
- жапайы өскөн мөмө, жемиш, козукарын, башка тамак-аш продуктуларын жеке пайдалануу максатында чогултуу;
- дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана бал аарычылык;
- маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу;
- аңчылык;
- чөп даярдоо;
- күйүүчү май даярдоо;
- кеңири таралган пайдалуу кендерди, кум, майдаланган, чопо ж.б. казып алуу (лицензия боюнча);
- жеңил конструкциядагы байланыш курулуштарын орнотуу (капиталдык эмес).
Жеке жана юридикалык жактардын жайыт участогунда болуусу, ошондой эле жапайы өскөн мөмө, жемиш, козукарын, башка тамак-аш продуктуларын, дарылык-техникалык чийки затты чогултуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга ылайык чектелиши мүмкүн. Баасын жана берүүнүн тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
г) малдын ден-соолугун сактоо боюнча чаралары, айыл аймагынын деңгээлинде малдын ден-соолугун коргоо, адамдарды жаныбарлардан жугуучу ылаңдардан коргоо, колдо болгон ресурстарды жана ресурстарды пайдалануу менен мал чарба продукциясынын санын жана сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өз убагында уюштурууга көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуу менен бирге элдин жыргалчылыгын жогорулатууга түрткү берет.
д) айлана чөйрөнү коргоо иш-чаралары.
ж) иш-чаралар жана инвестициялар.
з)жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын мониторингдөө жана баалоо чаралары.
5- глава. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын курамы жана иштеп чыгуу талаптары
14. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы жыл сайын Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан иштеп чыгылат жана Раззаков шаардык кенеши тарабынан бекитилет.
15. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
а) Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасынын иш аракеттеринин графиги;
б) жайыттарды пайдалануу сезону, ал жайыттарга мал жаюу мезгилдерин жана күндөрүнүн санын, ошондой эле пландалган жылга карата жайыт билети бар жайыт пайдалануучулардын тизмесин аныктайт;
в) жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү чаралары;
г) “2025”- жылга карата иш жүзүндөгү шарттуу малдын башы;
д) жайыттарды пайдалануунун учурдагы жана пландалган системасы;
е) жайыттарды, жайыт инфраструктурасын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү чаралары;
ё) малдын ден-соолугун коргоо тобунун иш чаралары;
ж) киреше (киреше булагын) жана чыгаша бөлүгү (пландаштырылган иш-чараларга, муниципалдык ишканага кармоого жана жер салыгынын суммасына ж.б.) менен айыл өкмөтүнүн бюджети;
з) жайыт пайдалануунун ар бир түрү боюнча жыйым;
и) жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын аткарылышына мониторинг жана баалоо;
й) жайыттарды пайдалануу режими жана бузуу үчүн жоопкерчилик.
Жайыттарды пайдалануу режими – бул жайыттарды сактоого, жакшыртууга жана өнүктүрүүгө, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын сарамжалдуу пайдалануунун жана башкаруунун белгиленген эрежелери. Бузуулар үчүн жоопкерчилик - бул Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинде бекитилген жайыттарды пайдалануу режимин бузган жайыт пайдалануучуга карата мыйзамдарда жана жайыттарды башкаруунун жылдык планында каралган мүлктүк айып пул же мүлктүк оорчулук болуп саналат. Жайыттарды пайдалануу режими төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) Мал жаюу мөөнөттөрү жана жайыт пайдалануучулардын көчүп, конуусу:
- жайыт мезгилинин башталышы жана бүтүүсү;
- тизмеси жана саны фактыны жазуу үчүн жайыт комитетине мал ээси тарабынан берилген, үй чарбаларында калтырылуучу багууну талап кылган саан уйларды, жумушчу жылкыларды, жаш малды, бордоп семиртүүчү малды кошпогондо, малды жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга өткөрүү мезгили;
б) жайыттарды пайдалангандык үчүн жыйым:
жайыттарды мал жайып пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү апрель айынан баштап ноябрь айына чейин; жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү15-ноябрга чейин .
в) жайыттардагы малдын жүгүнүн нормасын бузуу:
жарыяланган малдын саны менен иш жүзүндөгү малдын санынын ортосундагы айырмачылык аныкталса Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине ылайык айып пулу салынууга алып келет. (ар бир жайыт аянты үчүн оптималдуу жүк (жүк нормасы) аныкталат жана жайыт пайдалануучулар бул эсептөөлөрдөгү жайыттын ченемдерин сактоого милдеттүү).
г) мал жаюунун белгиленген тышкы жана ички чектерин бузуу;
д) бул тизме чектелбейт, ал айыл аймагынын социалдык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша толукталышы мүмкүн.
Жоопкерчиликтин өлчөмү Раззаков шаардык кенеши тарабынан бекитилген жайыттарды пайдалануу режиминде каралган тартип бузуунун түрүнө жараша жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык аныкталат.
16. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планында жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планында белгиленген жана бекитилген жайыттарды пайдалануу режимдери менчигинин түрүнө карабастан бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
17. Жайыттарды пайдалануунун белгиленген режимдерин бузган жайыт пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
18. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы беш жылга чейинки мезгилди камтыган Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынан алынган маалыматтардын жана иш-чаралардын негизинде түзүлөт. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы беш жылга чейинки мезгилди камтыган Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
19. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы бир жайыт мезгилинде малды жайыттарга тең салмактуу бөлүштүрүү, тоютка болгон муктаждыктарды туруктуу камсыздоо, сарамжалдуу пайдалануу жана жакшыртуу, жайыттарды өнүктүрүү, сактоо жана алардын бузулуу процесстерин алдын алуу максатында түзүлөт.
6- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын аткарылышына мониторинг жана баалоо
20. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын аткарылышына мониторинг жана баалоо Раззаков шаарынын мэриясы жана жергиликтүү коомчулуктун чогушулу тарабынан жүзөгө ашырылат.
21. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын аткарылышын мониторингдөө жана көзөмөлдөө туруктуу негизде жүргүзүлүп, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планында жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планында көрсөтүлгөн айрым иш-чаралардын аткарылышы же аткарылбагандыгы жөнүндө жана алардын аткарылбай калуу себептери тууралуу эскертүүлөр жүргүзүлөт.
22. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планда жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планында пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышына көз салуу жүргүзүлүп, жылына бир жолу Раззаков шаарынын мэриясы Раззаков шаардык Кенешине жазуу жүзүндө берилиши керек.
23. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын колдонулушуна мониторинг жайыт тармагын жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
24. Жайыттарды пайдаланууну контролдоону айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу