# Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3-10
- Дата принятия: 16.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022392>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38470/edition/27015/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому. (ред. от 16.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022392

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

2024-жылдын 16-апрели № 3-10 Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык, муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануу максатында жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү максатында “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары:

К. Кайымов
