# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 2/7 "Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 2/7 "Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/7
- Дата принятия: 10.12.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.12.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021989>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38152/edition/26438/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.12.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 2/7 "Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө" Токтому (ред. от 10.12.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021989

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңештин ХХIX чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2024-жылдын 10-декабры № 2/7

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун орун басары Ж. Кырбашевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүүгө Дөбөлү айыл аймагына тиешелүү болгон тик бурчтуу координаттар системасындагы 30 012 га жерлери жалпы элдин маакулдугусуз эч бир жакка өткөрүлүп берилбесин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага

Б. Шералиев
