Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXXII сессиясын жана анда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXIV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 10-сентябры № 237 Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясын жана анда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясын жана анда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин президимумунун 2024-жылдын 6-сентябрындагы чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясы жана анда кабыл алынган төмөндөгү токтомдор жокко чыгарылсын:
- № 229 “Ош шаарындагы №2024 аскер бөлүгүнүн отканасын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө”;
- №230 “Ош шаардык балдар-өспүрүмдөрдүн 5 спорт мектебин 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга жана 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук көлөмдө каржылоого макулдук берүү жөнүндө”;
-№231 “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө”;
- №232 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”;
- №233 “Мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”;
-№234“Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө”.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
С.С. Назылбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.