# Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы № 4/2 "Ак-Тилек конушундагы 4 га жайыт жер аянтын өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которуу жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы № 4/2 "Ак-Тилек конушундагы 4 га жайыт жер аянтын өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которуу жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/2
- Дата принятия: 12.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021935>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38102/edition/26387/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-февралындагы № 4/2 "Ак-Тилек конушундагы 4 га жайыт жер аянтын өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которуу жөнүндө" Токтому (ред. от 12.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021935

---

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын кеңешинин кезексиз 4- сессиясы

2025-жылдын 12-февралы № 4/2

Ак-Тилек конушундагы 4 га жайыт жер аянтын өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1.Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Тилек конушундагы № 1297 контурундагы жайгашкан 4,0 га жайыт жер категориясы өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б. Кемелов
