Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык кенешинин Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 29-августу № 234 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсуповдун Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №25 чечимин, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
-Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык; -2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
С.С. Назылбеков
Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясынын №234 токтомуна 1-тиркеме
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Менчиктештирүү усулдары
3. Менчиктештирүү тартиби
4. Менчиктештирүү бүтүмдөрүн каттоо
5. Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыкты. Жобо Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктү менчиктештирүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.Жалпы жоболор
1.1. Мүлктү менчиктештирүү процессинде, муниципалдык менчикти менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, ушул Жобого жана башка ченемдик актыларга ылайык Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары-Башкармалык) тарабынан жүзөгө ашырылат.
1.2. Менчиктештирүү объектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык ишканаларды түзүү процессинде пайда болгон чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталындагы Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгон үлүштөр (мүлктөр);
- муниципалдык ишканалар мүлк комплекси катары;
-муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн, ишке жарамдуу комплексти түзгөн муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү;
- мүлктүн айрым компоненттери (жайлар, жеке имараттар, курулмалар, жабдуулар, курулуп жаткан объекттер ж.б.).
Мүлктүк комплекс катары муниципалдык ишкананын курамына анын иши үчүн пайдаланылган мүлктүн бардык түрлөрү, анын ичинде жер участоктору, имараттар, курулмалар, жабдуулар, инвентарлар, чийки заттар, продукциялар, талап кылуу укуктары, чарбалык шериктештиктердеги жана коомдордогу үлүштөр (үлүштөр), карыздар, белгилерге болгон укуктар, анын ишин жекелештирүү (компаниянын аталышы, товардык белгилер) жана башка өзгөчө укуктар кирет. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгон менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталындагы мүлктөрү (үлүштөрү) ушул Жободо белгиленген тартипте сатылат.
1.3. Ош шаардык Кеңеши менен макулдашуу аркылуу, Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасына ылайык, ыйгарым укуктары берилген юридикалык жак-Башкармалык муниципалдык менчикти сатуу, уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча менчиктештирүү объекттерин сатуучу болуп саналат.
1.4. Жеке жактар, ошондой эле юридикалык жактар менчиктештирүү объекттерин сатып алуучулар боло алышат.
1.5. Ош шаарынын мэриясы муниципалдык ишкананын, чарбалык шериктердин (коомдун) уставдык капиталынын эсептик наркын же өлчөмүн, менчиктештирүүгө жаткан мүлктүн наркын аныктоо үчүн муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) курамын түзөт жана бул жөнүндө чечим кабыл алат.
1.6. Комиссиянын курамына Ош шаардык Кеңешинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, башкармалыктын өкүлдөрү кирет.
Комиссия Ош шаарынын мэриясына аудит, консультациялык, баалоо, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу боюнча сунуштарды киргизе алат.
1.7. Комиссия мүлктүк комплекске баа берет жана укуктук ченемдик актыларга ылайык менчиктештирилүүчү мүлктүн жалпы наркынын өлчөмүн аныктайт.
Объекттердин (муниципалдык мүлктөрдүн мүлктүк комплексинин наркын аныктоо үчүн комиссия экиден кем эмес ыкманы колдонуу менен баа берет. Баалоо ишин жүргүзүү боюнча комиссия башкармалыка баалоочу уюмду же жеке баалоочуну (мындан ары - баалоочу) тартуу жөнүндө сунуш берет. Баалоочу менен белгиленген тартипте келишим түзүлөт. Бул учурда баалоочу баа берүүнүн ишенимдүүлүгүжана негиздүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат. Стратегиялык мүнөздөгүобъекттерди баалоодо жеке баалоочунун (баалоо уюмунун) талапкерлиги комиссия тарабынан бекитилет.
1.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында менчиктештирүүнүн өзгөчө режими белгиленген мүлктүн наркы менчиктештирүү объектинин мүлкүнүн наркынан, ошондой эле социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана башка объекттердин наркынан чыгарылууга жатат.
Аларга карата Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аларды муниципалдык менчикте сактоо чечимин кабыл алган. Комиссия корутундуну түзөт жана аны ишке ашырууну көзөлмөлгө алат.
1.9. Балансында социалдык-өндүрүштүк инфраструктура объектилери бар ишканалар боюнча комиссия төмөнкүчечимдердин бирин кабыл алат:
а) Социалдык жана өндүрүштүк инфраструктуранын объекттери муниципалдык менчикте калат:
- белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилет;
- кайра түзүлгөн ишканага максаттуу пайдалануу үчүн акысыз пайдаланууга берилет;
б) Социалдык-өндүрүштүк инфраструктура объектилери менчиктештирүүгө жатпайт.
1.10. Социалдык-өндүрүштүк инфраструктура объектилерин баланстан баланска өткөрүү акт менен жол-жоболоштурулат.
1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана талаптардын негизинде алынган менчиктештирүү объектинин эсептик наркы, эгерде баалоо бекитилген күндөн тартып аракет аяктаган күнгө чейин 12 айдан ашык убакыт өтпөсө, бүтүмгө кабыл алынышы мүмкүн.
2. Менчиктештирүү усулдары
2.1. Муниципалдык менчиктеги мүлктү/объектини менчиктештирүү төмөнкүдөй усулдар менен жүзөгө ашырылат:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу.
Эгерде менчиктештирүү объектисин ушул жободо жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ачык аукциондо эки жолу сатуу мүмкүн болбосо, мындай объектини менчиктештирүү жергиликтүү кеңештин чечими менен тике сатуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
2.2. Аукцион - тоорук аркылуу сатуу ыкмасы, мында менчик укугу тооруктун жүрүшүндө сунуш кылган жана аукционго коюлган менчиктештирүү объектисине эң жогорку бааны төлөгөн жакка өтөт.
Бул менчиктештирилген объектке карата кандайдыр бир кошумча шарттарды аткарууну талап кылбайт. Аукциондор ачык, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү объектилерин сатып алуучуларга коюлган талаптарга жооп берген бардык жеке жана юридикалык жактар, чектөөсүз катышууга укуктуу.
2.3. Конкурс - муниципалдык менчикти сатуунун ыкмасы, мында менчиктештирилүүчү объектини сатып алуучу конкурстун шарттарында белгиленген белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алат.
Муниципалдык менчикти сатып алуучуга коюлган талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык түрдө болот. (2003-жылдын 27-мартындагы “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” №66 Мыйзамына ылайык) Коммерциялык конкурсту колдонууда менчиктештирүү объектисине карата милдеттенмелердин тизмеси белгиленет, аны сатып алуучу өзүнө алууга тийиш. Коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектинин сатып алуучусу болуп саналып өткөн милдеттенмелерди өзүнө алып, эң жогорку бааны сунуштаган жак саналат. Инвестициялык конкурсту колдонууда менчиктештирүү объектисине карата милдеттенмелердин тизмеси белгиленет, аны сатып алуучу өзүнө алууга тийиш. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды беришет:
- бизнес-план;
-бизнес-планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кабыл алынган инвестициялык милдеттенмелердин көлөмү жана мүнөзү;
- менчиктештирүү объектисинин сунушталып жаткан баасы.
Инвестициялык сынактын жеңүүчүсү болуп сунушу эң мыкты деп табылган адам таанылат. Коммерциялык жана инвестициялык менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин камтыйт:
- сунушталган инвестициянын көлөмү,
- эмгек акы, иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык объектилерди пайдалануу жаатындагы социалдык программа;
- жаңы рынокторго чыгуу же бар рынокторду өнүктүрүү;
- жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
- натыйжалуу башкарууну киргизүү, кадрлардын квалификациясын өнүктүрүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер.
Милдеттенмелер сандык түрдө, ошондой эле алар мөөнөттөрү менен белгилениши керек.
2.4. Аукциондорду жана конкурстарды өткөрүүнүн тартиби, ага сатып алуучулардын катышуусунун шарттары, женүүчүлөрдү аныктоонун тартиби, сатып алынган муниципалдык менчик үчүн акы төлөөнүн тартиби, ошондой эле милдеттенмелерди аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2.5. Муниципалдык менчикти чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Ош шаардык Кеңеши менен макулдашуудан кийин Ош шаарынын мэриясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
3.Менчиктештирүү тартиби
3.1. Муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматтык билдирүү (мындан ары - аукциондор, конкурстар) аталган мүлктү сатууга 30 күн калганга чейин Башкармалык тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү сөзсүз түрдө убакыт, орду, сатуу объекти жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Башкармалык тарабынан белгиленген башка маалыматтарды камтууга тийиш. Сатып алуучулар менчиктештирүү объекти жөнүндө башка маалыматтар менен маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жерде таанышууга укуктуу. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат рынокто үстөмдүк кылуучу же монополиялык абалды ээлеген объектилер боюнча көрсөтүлгөн бүтүмдөр жасалган күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми башка объекттер боюнча үч айдын ичинде жарыяланышы керек. Өтүнмөлөрдү даярдоо, кабыл алуу жана каттоо, конкурстарды өткөрүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Аукционго катышуу үчүн арыз ээси аукциондо сатып алынган мүлк үчүн төлөмдү камсыз кылуу үчүн депозитти (мындан ары - гарантиялык же кепилдик төлөм) коёт. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
- тооруктун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп табылган жок учурда (кепилдик төлөмдү кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколду Башкармалык тарабынан бекитилген күндөн тартып 10 банктык күндүн ичинде);
- аукцион жараксыз деп табылган учурда (кепилдик төлөмдү кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколду Башкармалык тарабынан бекитилген күндөн тартып 10 банктык күндүн ичинде);
Аукциондо утуп алган жак менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал төлөгөн гарантиялык төгүмдүн суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерге эсептелет. Аукцион өткөрүлгүндөн кийин аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- комиссиянын курамы;
- аукциондун катышуучулары жөнүндө маалымат;
- соода натыйжалары.
3.2. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол сатуучу тарабынан бекитилген учурдан тартып мунициалдык менчикти сатып алуу-сатуу келишимин түзүү боюнча жеңүүчүнүн укугун күбөлөндүргөн документ болуп саналат.
Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү жөнүндө сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол коюу менен берилет же буйрутмалык кат аркылуу жөнөтүлөт.
4. Менчиктештирүү бүтүмдөрүн каттоо
4.1. Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча сатуучунун чечими бекитилгенден кийин сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда муниципалдык мүлктү сатуу-сатып алуу жөнүндө келишим түзүлөт.
Муниципалдык менчикти сатуу-сатып алуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Муниципалдык менчикти сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтар;
- келишимдин предметин аныктоо;
- менчиктештирүү объекти жөнүндө маалымат;
- мүлктүн сатып алуу баасы;
- сатып алынган мүлк үчүн төлөөнүн формасы жана шарттары,
- инвестициялык жана (же) социалдык шарттар (эгерде бар болсо);
- сатып алуучу тарабынан мындай шарттардын аткарылышын тастыктоо тартиби;
- келишимди бузуунун шарттары жана келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн айыптык санкцияларды колдонуу;
- мындай келишимдин тараптары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча белгиленген башка шарттар.
Менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучунун милдеттенмелери сандык мүнөздөмөлөргө жана мөөнөттөргө ээ болууга тийиш. Менчиктештирүү объектисине менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана муниципалдык менчикти сатуу-сатып алуу келишиминде белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан аны сатып алуучуга өтөт.
4.2. Эгерде сатып алуучу бүтүмдүн шарттарын бузса, келишим сатуучунун демилгеси боюнча бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, мында комиссиялык төлөм жана кепилдик төлөм кайтарылбайт.
4.3. Муниципалдык менчикти чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү жөнүндө макулдашуу Башкармалык менен чарбалык коомдун ортосунда түзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Келишимге ылайык сатып алуу наркын төлөөнүн мөөнөттөрү бузулган учурда, сатып алуучуга айыптык санкциялар колдонулат, алар келишимге ылайык аныкталат жана кармалат жана бюджетке чегерилет. Зарыл болгон учурда Башкармалык келишимде белгиленген төлөм шарттарын узарта алат.
4.4. Эгерде Башкармалык сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн менчиктештирүү объектисин сатууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, мурда түзүлгөн бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулууга же жараксыз деп табууга жатат.
5. Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу
5.1. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү учурунда мыйзамдуу төлөм каражаты болуп Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валютасы) таанылат.
Ош шаарынын мэриясынын чечими боюнча башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менчиктештирүүнүн конкреттүү объекти үчүн төлөм каражаты катары таанылышы мүмкүн. Муниципалдык менчикке башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө банктык чыгымдарды жана курстук айырмаларды төлөө сатып алуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
5.2. Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында түшкөн каражаттар 100 пайыз өлчөмүндө шаардык бюджетке бөлүнөт (мүлктү сатуудагы чыгымдарды эске алуу менен).
Эгерде кечиктирилгис социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү зарыл болсо, менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды жалпысынан да, айрым объектилерден да үлүштүк бөлүштүрүү Ош шаардык Кеңешинин чечими менен өзгөртүлүүгө тийиш. Муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин 10 банктык күндүн ичинде белгиленген жерине которулууга тийиш.
5.3. Менчиктештирүү объектилерин сатуудан түшкөн каражаттар жана сатып алуучулар келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Башкармалык тарабынан өндүрүлгөн айыптар Ош шарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчиги болуп саналат жана шаардык бюджетке чегерилет.
Ош шаардык Кенешинин аппарат жетекчиси
И.Э. Абдыраимов
Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясынын №234 токтомуна 2-тиркеме
2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
1. 2024-жылга карата муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча саясатынын максаттары жана милдеттери
1.1. 2024-жылга карата Ош шаарында муниципалдык менчикти менчиктештирүү саясатынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу;
- Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин толтуруу;
- социалдык-экономикалык абалды жогорулатып, инвестицияларды тартуу;
- жеке тараптардын, чакан жана орто бизнестин, экономикалык секторундагы ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
1.2. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү жаатындагы саясат төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:
- муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн жана баалоонун ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө;
- муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды электрондук форматта жүргүзүү практикасын туруктуу ишке ашыруу;
2. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары
2.1. Менчиктештирүү усулдарына төмөнкүлөр кирет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу;
Өзгөчө учурларда, муниципалдык мүлк/объект мыйзамда белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн усулдун бири менен үчтөн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбосо, жергиликтүү кеңештин чечими менен тике сатуу ыкмасы колдонулат. Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектине жараша Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчиктештирүүнүн усулун тандоо муниципалдык мүлктүн /объектинин финансы-экономикалык абалына жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасында, анын жеке тармактык, аймактык жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат. Муницпалдык мүлктү/объекттерди менчиктештирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык мүлктүн/объекттин өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-экономикалык абалдын конъюнктурасына жараша, комиссиянын кароосуна сунушталат.
2.2. Менчиктештирүү усулдарын колдонуу.
Муниципалдык мүлктү/объектини аукциондо сатуу, конкурста сатуу усулдарын колдонуунун шарттары жана тартиби Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. Муниципалдык мүлктү Ош шаарынын мэриясы өзүнүн өкүлү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) аркылуу сатат, өкүлгө тапшырма берилет, анда муниципалдык мүлктүн/объектинин баасы, тооруктарды өткөрүү мөөнөттөрү, тараптардын өз ара милдеттенмелери, укуктары жана башка шарттар аныкталат. Сатып алуучудан муниципалдык мүлктүн/объектинин сатылган баасынан (бүтүмдүн суммасынан) тышкары 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым алынат.
2.3. Менчиктештирүү шарттары.
Менчиктештирүүнүн шарттары менчиктештирүү эрежелерине жараша белгиленет. Жеке же юридикалык тараптар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлккө/объектке карата программанын катышуучусу катары өтө алышат. Орто жана ири ишканалар үчүн конкурстук менчиктештирүүнүн негизги шарттарынын бири болуп ишканаларды өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды берүү эсептелет. Коммерциялык конкурс – тооруктун (аукцион менен бир катардагы) түрү. Конкурсттун жеңүүчүсү катары тооруктун уюштуруучусу тарабынан алдын ала дайындалган конкурстук комиссиянын корутундусу боюнча эң мыкты шарттарды сунуш кылган (аукциондо – эң жогорку бааны сунуштаган) жак таанылат. Коммерциялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектине/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектин/муниципалдык мүлктү сатып алуучусу болот. Инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирилүүчү объектиге/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды беришет:
- бизнес-планды;
- бизнес-планды ишке ашыруу үчүн өзүнө алуучу зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн;
- менчиктештирүү объекти/муниципалдык мүлк үчүн сунуш кылынуучу бааны.
Сунушу эң мыкты деп таанылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин өзүнө камтыйт:
- менчиктештирүү объектинде иш менен камсыз кылуунун деңгээли боюнча милдеттенмелерин;
- эмгек акы боюнча милдеттенмелерин;
- социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө боюнча милдеттенмелерин;
- инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелерин;
- карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерин;
- уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерин;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерин.
Сунуштарды баалоонун критерийлери төмөнкүлөр болот:
- сунушталган инвестициялардын суммасы, мында кыйла ири жана узак мөөнөттүү инвестициялык сунуштарга артыкчылык берилет;
- сатып алуучулар тарабынан сунушталган баа;
- иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө жаатындагы социалдык милдеттенмелер;
- сатуунун жаңы соодага чыгаруу жана/же болгондорун кеңейтүү;
- атаандаштыкка жөндөмдүү жана/же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
- жаңы менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- профилди сактоо.
Ишканалардын түрүнө жараша критерийлердин артыкчылыгы белгиленет, алар өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. Менчиктештирүү объекттеринин/муниципалдык мүлктүн сатылышынан түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке чегерилет.
2.4. Менчиктештирүү объекттеринин/муниципалдык мүлктүн наркын аныктоо.
Баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы №537 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Муниципалдык ишкананын, чарбалык шериктердин (коомдун) уставдык капиталынын эсептик наркын же өлчөмүн, менчиктештирүүгө жаткан мүлктүн наркын аныктоо үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Ош шаардык Кеңешинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрүнүн курамында түзүлгөн Комиссия (мындан ары – Комиссия) мүлктүк комплекске баа берет жана укуктук ченемди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылып жаткан иштердин тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартуучу аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу.
3. Менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктеги мүлктөр жана башка объектилер
3.1. Менчиктештирүүгө тыюу салынган Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөргө/объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана туризм объекттери;
- турак жай-коммуналдык, ремонттоо-курулуш жана транспорт чарбаларынын объекттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылууга зарыл болгон жабдуулар менен материалдар;
- тийиштүү аймакты тейлеген (мамлекеттик, жеке менчик ишканаларга караштуу болбогон) транспорт, энергетика, суу менен жабдуу, канализация курулуштары менен коммуникацияларынын тармактары жана инфраструктура объекттери;
- соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик ишканаларынын мүлк комплекстери, ошондой эле аларды пайдаланууга, күтүүгө жана тейлөөгө арналган курулуштар менен жабдуулар;
- калктуу конуштардагы көчөлөр, көпүрөлөр менен жолдор;
- коомдук сейил бактар жана сейил бактар үчүн бөлүнгөн жерлер, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башка объекттери;
- токойлор жана айыл чарба жерлери, көлдөр, суу булактары жана жергиликтүү маанидеги пайдалуу кендер чыккан жерлер, эгерде алар мамлекеттик табигый ресурстардын тизмесине киргизилбеген болсо;
- жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери;
- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.
- дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, жалпы улуттук маанидеги спорттук жана спорттук-техникалык курулуштар;
- катуу өнөр жайлык жана тиричилик калдыктарын, катуу жана суюк радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн объекттер жана жабдуулар; мал көмүлгөн жерлер;
- көрүстөндөр;
- суу сактагычтарды, магистралдык суу каналдарды, суу-насостук станцияларды тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыздоочу суу чарбалык жана мелиорациялык системалардын объекттери;
- автомобилдик жолдор;
- бардык типтеги жана аталыштагы мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мамлекеттик балдар мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мектептердин, башталгыч, орто кесиптик жана жогорку билим берүүчү окуу жайлардын мүлктөрү.
3.2. Ушул Программага киргизилбеген муниципалдык мүлкттөр/ объекттер Ош шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык менчиктештирилет.
Менчиктештирүү калктын кеңири катмары жана көп сандагы юридикалык жактар үчүн терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон маанилүү муниципалдык мүлкттөрдү/объекттерди менчиктештирүү процессинде муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу кызматтарынан менчиктештирүүгө катышууга арыз берген субъекттер жөнүндө маалыматты сурайт. Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу кызматтары, органы потенциалдуу сатып алуучу жөнүндө корутундуну алдын ала берүүгө тийиш.
4. Сатып алуучулар тарабынан келишимдик шарттардын аткарылышын көзөмөлдөө
4.1. Менчиктештирүүдө маанилүү жагдай болуп жаңы менчик ээси тарабынан түзүлгөн келишимдердин (бүтүмдөрдүн) шарттарынын толук аткарышына байкоо жүргүзүү саналат. Бул максатта менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктөрдү/объекттерди сатуу-сатып алуу келишимдерин жазуунун жана түзүүнүн талаптары сакталып, көзөмөлгө алынууга тийиш. муниципалдык мүлктү/объектти сатуу-сатып алуу келишиминде сатып алуучунун бардык милдеттенмелери жана келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн чаралар/санкциялар жазылат.
Инвестиция салуу тартиби аларды мөөнөттөргө бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда сатуучу сатуу-сатып алуу келишимин бузууну, келтирилген зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу. Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимдерине тараптардын макулдуктары менен өзгөртүүлөр киргизилет. Ал өзгөртүүлөрдө:
- сатып алуучунун алган милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин жеңилдетүү;
- сатуу-сатып алуу келишиминде аныкталган инвестициялардын жалпы көлөмүн азайтуу;
- мүлктүн сатылуучу баасын азайтуу каралбайт.
Сатуу-сатып алуу келишимдеринин шарттарынын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актылары түзүлөт. Менчиктештирүү объектинин/муниципалдык мүлктүн сатып алуучусу сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга сатуу-сатып алуу келишиминде жазылган көлөмдө жана мөөнөттөрдө маалымат берип турууга милдеттүү.
5. Менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык мүлкттөрдүн/объекттердин тизмеси
5.1. Менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлктөрдүн/объекттердин тизмеси ушул Программанын тиркемесине ылайык аныкталат (тизме тиркелет).
6. Корутунду жоболор
6.1. Программанын иштешинин жагдайына байланыштуу, ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор зарылдыкка жараша киргизилиши мүмкүн.
6.2. Менчиктештирүү программасы аныкталган календардык мөөнөткө кабыл алынат жана аны кезектеги мөөнөткө бекиткенге чейин иштейт.
Менчиктештирүү программасынын иштөө мөөнөтү бүткөндө Ош шаарынын мэриясы, программанын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизет.
6.3. Муниципалдык мүлктү/объектини менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Ош шаардык Кенешинин аппарат жетекчиси
И.Э. Абдыраимов
Программага тиркеме
Менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлктөрдүн/объекттердин тизмеси
№
Жайгашкан дареги
Аталышы
Аянты (батир, жер тилке)
Сумма (сом)
1
Ленин көчөсү 543/4
барак тибиндеги батир
21,70 чарчы метр
196000
2
Ленин көчөсү 543/5
барак тибиндеги батир
23,05 чарчы метр
215000
3
Ленин көчөсү 543/7
барак тибиндеги батир
18,89 чарчы метр
176000
4
Ленин көчөсү 543/8
барак тибиндеги батир
23,22 чарчы метр
216000
5
Ленин көчөсү 543/1
Турак үй, жер тилке
72,02 чарчы метр
530,00 чарчы метр
4700000
6
Ленин көчөсү 543/14
барак тибиндеги батир
25,30 чарчы метр
337500
7
Ленин көчөсү 543/16
барак тибиндеги батир
17,75 чарчы метр
270000
8
Ленин көчөсү 543/19
барак тибиндеги батир
25,02 чарчы метр
337500
9
Ленин көчөсү 543/21
барак тибиндеги батир
9,75 чарчы метр
270000
10
Ленин көчөсү 543/22
барак тибиндеги батир
13,42 чарчы метр
236000
11
Ленин көчөсү 543/23
барак тибиндеги батир
13,80 чарчы метр
236000
12
Ленин көчөсү 543/24
барак тибиндеги батир
10,50 чарчы метр
236000
13
Ленин көчөсү 543/31
барак тибиндеги батир жер тилке
23,22 чарчы метр
118,5 чарчы метр,
83000
14
Турсунбаева көчөсү 101/1
Барак тибиндеги батир
28,90 чарчы метр
289000
15
Турсунбаева көчөсү 101/2
барак тибиндеги батир
67,78 чарчы метр
778000
16
Турсунбаева көчөсү 101/8-2
Барак тибиндеги батир
24,17 чарчы метр
242000
17
Турсунбаева көчөсү 101/2-4
Барак тибиндеги батир
41,32 чарчы метр
413000
18
Турсунбаева көчөсү 101/8-3
Барак тибиндеги батир
31,68 чарчы метр
316800
19
Турсунбаева көчөсү 101/8-4
Барак тибиндеги батир
17,79 чарчы метр
675000
20
Турсунбаева көчөсү 66 г
турак үй жери менен
700,0 чарчы метр
8960000
21
Өзбекстан 60 жыл көчөсү 209
Турак үй жери менен
66,59 чарчы метр,
600,0 чарчы метр
1992000
22
Көк бел, 7
Турак-үй жери менен
88,47 чарчы метр
373,0 чарчы метр
1798000
23
Орозбекова, 152
Турак үй, жер тилке
49,28 чарчы метр
600,0 чарчы метр
1672000
24
Ленинград көчөсү, 75-13
Турак үй
56,47 чарчы метр
2025000
25.
Курманжан-Датка көчөсү № 121/81
Автопаркинг (5-11-02-0069-0020-01-0)
614,65 чарчы метр
26.
А. Шакиров көчөсү №275/4
Автопаркинг (5-11-08-0189-0120)
804,4 чарчы метр
27.
Мажурум-Тал көчөсү № 129
коммерциялык
183,0 чарчы метр
18984420
28.
Амир-Темур көчөсү № 8/900
Коммерциялык (5-11-18-1001-2394-01-900)
785,88 чарчы метр
120536703
29.
Амир-Темур көчөсү № 8/914
Коммерциялык (5-11-18-1001-2394-01-914)
790,64
121266782
Ош шаардык Кенешинин аппарат жетекчиси
И.Э. Абдыраимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 3 апреля 2006 года №217 "Об утверждении стандартов оценки имущества, обязательных к применению всеми субъектами оценочной деятельности в…Постановление · 03.04.2006 · № 217 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 21 августа 2003 года № 537 "О развитии деятельности оценщиков и оценочных организаций в Кыргызской Ркспублике"Постановление · 21.08.2003 · № 537 · Утратил силу