Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин «Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен”, “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө» токтому
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №11
«Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен” , “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль №52 токтому жана 2024-жылдын 29-апрель № 207 токтомунун негизинде “Жаңы-Арык”, “Ношкен”, “Ак-Жол”, “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунуш кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль №52, 2024-жылдын 29-апрель № 207 токтомдору аткарууга алынсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен”, “Ак-Жол”, “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясынын карамагындагы бетон, жер арыктар жалпы ички арыктары Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.
3.Өткөрүлүп алынган ички арыктар Ноокен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 апреля 2024 года № 207 "Об эффективном управлении и развитии водохозяйственного сектора"Постановление · 29.04.2024 · № 207
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Утратил силу