# Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41 "Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41 "Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18/41
- Дата принятия: 01.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021542>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37828/edition/25886/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41 "Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021542

---

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41

Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:

1. Кош-Дөбө айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

2. Аталган мыйзамдын негизинде айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын чогулушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Узбековага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.

Төрага

Б.Казиев
