Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин «Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө» токтому
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41
Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Аталган мыйзамдын негизинде айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын чогулушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Узбековага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
Төрага
Б.Казиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 18.01.2022 · № 4