Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Миӊ-Булак айыл аймагындагы томолой жетим балдардын депозиттик эсептерине, акча каражатын которуу жөнүндө» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 23-июнундагы № 3/6
Миӊ-Булак айыл аймагындагы томолой жетим балдардын депозиттик эсептерине, акча каражатын которуу жөнүндө Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча сектор башчысы С.Дүйшееванын жана Ж.Акматованын кайрылуусун талкуулап, Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна ылайык Миӊ-Булак айыл аймагындагы томолой жетим балдарга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү жана Нарын райондум мамлекеттик администрациясынын 23,03,2023-ж №67-б буйругун жетекчиликке алуу максатында Миӊ-Булак айыл аймагынын Оттук айылындагы Мамбетов Барсбек, Эмгекчил айылынан Эмилбекова Нагима жана Кара-Кужур айылындагы Анатолиев Артур, Анатолиев Тимур деген томолой жетим балдарга ар бирине 5000( беш миӊ) сом өлчөмүндө жалпы 20000( жыйырма миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
4. Кабыл алынган токтомду аткарып, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровго жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Нусупбек кызына тапшырылсын.
Төрага
А.Жамангулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.