Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин « Амман (Иордания) шаарында өткөн эркин күрөш боюнча турнирдин жеңүүчүсү алтын медаль ээси Совет айылынын тургуну Исаков Курсантбек Шавкатбековичке 200 000 (эки жүз миң) сом акчалай сыйлык катары бөлдүрүп берүү жөнүндө» токтому
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №5
« Амман (Иордания) шаарында өткөн эркин күрөш боюнча турнирдин жеңүүчүсү алтын медаль ээси Совет айылынын тургуну Исаков Курсантбек Шавкатбековичке 200 000 (эки жүз миң) сом акчалай сыйлык катары бөлдүрүп берүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1-жарлыгын эске алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 28.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/1567 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңештин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV-сессиясы токтом кылат:
Амман (Иордания) шаарында өткөн эркин күрөш боюнча турнирдин жеңүүчүсү алтын медаль ээси Совет айылынын тургуну Исаков Курсантбек Шавкатбековичке 200 000 (эки жүз миң) сом акчалай сыйлык катары бөлдүрүп берилсин.
Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага:
К.К. Анарбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.