# Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 11/II-29 "Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №29/Ⅴ-28 “Ысык-Ата айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун 0,10 га дан берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 11/II-29 "Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №29/Ⅴ-28 “Ысык-Ата айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун 0,10 га дан берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11/II-29
- Дата принятия: 13.12.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.12.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021119>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37559/edition/25332/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.12.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 11/II-29 "Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №29/Ⅴ-28 “Ысык-Ата айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун 0,10 га дан берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.12.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021119

---

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезексиз II (экинчи) сессиясы

2024-жылдын 13-декабры № 11/II-29

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №29/Ⅴ-28 “Ысык-Ата айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун 0,10 га дан берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибинин маселеси боюнча Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18,032 беренелеринин 3,5 пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2005-жылдын 6-майынын №177 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосунун 5-пунктусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31- майынын №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 18-пунктунун негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №29/Ⅴ-28 “Ысык-Ата айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун 0,10 га дан берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Ысык-Ата айыл аймагы боюнча жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүүчү жер тилкелеринин өлчөмү 0,10 га дан берилсин.

3. Ысык-Ата айыл аймагында турак жайын курууга жер тилкесин 1987-2008-жылдарга чейинки аралыкта бөлүнүп берилген жер аянттарынын өлчөмдөрү, берилген чечимдерге ылайык 0,05 га дан 0,30 га чейин берилсин жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин ушул токтомду кабыл алганга чейинки “Ысык-Ата айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмү жөнүндө” токтомдору тиркелсин.

4. Бул токтом Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссия жана айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Н. Ибраимов
