# Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 9/I-29 "Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 9/I-29 "Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/I-29
- Дата принятия: 29.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021098>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37542/edition/25304/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 9/I-29 "Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021098

---

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы

2024-жылдын 29-ноябры № 9/I-29

Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика боюнча аймактык комиссиялары жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссия түзүлсүн.

2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын иш-планы бекитилсин (Тиркеме №2).

3. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын төрайымы- Керимбаева Асель Тургамбековна бекитилсин.

4. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Н. Ибраимов

Ысык-Ата айылдык Кенешинин

29.11.2024ж. №№9/I-29

токтомуна №1 тиркеме

Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссиянын курамы:

1. А.Керимбаева - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,комиссиянын төрайымы;

2. У.Далбаев - айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысынын м.а., комиссиянын катчысы;

3. И.Бейшекеева - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун төрайымы, комиссиянын мүчөсү;

Төрага

Н. Ибраимов

Ысык-Ата айылдык Кенешинин

29.11.2024ж. №№9/I-29

токтомуна №2 тиркеме

Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча комиссиянын иш-планы:

№

Иш-чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу

1

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарына Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этикалык Кодекси жөнүндөокутуу өткөрүү

ар бир жылдын 2 кварталы

Комиссиянын төрайымы

2

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ардактуу эс алуудагы ардагер муниципалдык кызматчы менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларыларынын жолугушуусун өткөрүү

ар бир жылдын 2 кварталы

Комиссиянын төрайымы

3

Коррупцияга каршы иш-аракеттер жана кызыкчылыктардын конфликтиси жөнүндө окуу өткөрүү

ар бир жылдын 3 кварталы

Комиссиянын төрайымы

4

Этикалык жүрүм-турум жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

ар бир жылдын 4 кварталы

Комиссиянын төрайымы

5

Этикалык нормаларды бузуу учурларын кароо

жыл ичинде

Комиссиянын төрайымы

Төрага

Н. Ибраимов
