# Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №4 "“Кезектеги III Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү графигин белгилөө жөнүндө” токтому.

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №4 "“Кезектеги III Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү графигин белгилөө жөнүндө” токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 27.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021041>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37498/edition/25250/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №4 "“Кезектеги III Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү графигин белгилөө жөнүндө” токтому. (ред. от 27.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021041

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги I-сессиясы

2024-жылдын 27-ноябры № 4 “Кезектеги III Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү графигин белгилөө жөнүндө”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндо” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнса агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын аткарууга алуу менен Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнса агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын негизинде берген маалыматы көңүлгө алынсын.

2.” Кезектеги III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде Ак-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн.

1.Саматов.А.Р.-Айылдык кеңештин депутаты.(төрага)

2.Мовлонова.Л.П.-Айылдык кеңештин депутаты.

3.Гойипов.Ж.-Жеңиш,Алга а/айыл башчысы.

4.Халмуратов.А.Э.-Айылдык кеңештин депутаты.

5.Шамшимаматов.А.Ш.-Айылдык кеңештин депутаты.

3.Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчун чогулуштарды өткөрүү төмөнкүдөй графикте өткөрүлсүн:

Ак-Суу айылы. 5-декабрь 2024-жыл.Саат 16-00 дө. Суу-Башы айылы.5-декабрь 2024-жыл.Саат 10-00 дө. Жезкен айылы. 5-декабрь 2024-жыл. Саат 12-00 дө. Жеңиш айылы. 4-декабрь 2024-жыл саат 12-00 дө. Алга айылы. 4-декабрь 2024-жыл саат 10-00 дө.

4.Графикке ылайык III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,делегаттарды шайлоону уюштуруу жумушчу топко,айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы:

А.Саматов
