Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюуштуруу тобун бекитүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 34
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюуштуруу тобун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу тобу түзүлсүн
- Аматова Бусайра Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы;
-Орунбаев Медер Савай айылдык кеңешинин депутаты; -Оморова Кайриниса Савай айылдык кеңешинин депутаты; -Токсонбаев Жапар Аксакалдар кеңешинин төрагасы; -Джумашева Рауяна Савай айыл өкмөтүнүн адиси; -Тойчиева Зымрат Кескен Жар айылынын айыл башчысы -Мирзалиева Чолпонай Кызыл-Шарк айылынын айыл башчысы
2. Айылдарда өтүүчү чогулушка төмөндөгү депутаттар төрагалык кылуу үчүн бекитилсин.
- Ынтымак айылына Оморова Кайриниса.
- Савай айылына Аматова Бусайра
- Кыдырша айылына Куттубай уулу Самат
- Кызыл-Шарк айылына Алимова Маликахан
- Кескен-Жар (Султан-Абад) айылдарына Тажибаев Шавкат
- Кең-Сай айылына Мирзалиева Чолпонай
1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындын графиги жана катышуучулардын санын бекитүү нормасы жана иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Элдик Курултайга катышуучу делегаттарын шайлоо боюнча чогулуш 2023-жылдын 18-ноябрь күнү Кызыл-Шарк айылындагы № 72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекисинде өткөрүү белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу уюштуруу тобуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага орун басары
Ш.Тажибаев
№ 1-тиркеме Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29.09 кезексиз сессиясынын № 34-токтому менен бекитилди
Савай айыл өкмөтүнүн айыл аймактарында жыйындарды өткөрүү боюнча жыйындын
ГРАФИГИ
№
Айылдардын аталышы
Өткөрүү орду мөөнөтү
Биринчи Элдик Курултайга келүүчү делегаттардын саны
Жооптулар жана уюштуруучулар айлдык жыйындын төрагасы (төрайымы)
1.
Кең-Сай айылы
16.10.2023-ж саат 14:00
Кең-Сай орто мектеби,
20
Төрайым Мырзалиева Чолпонай Уюштуруу топ
2.
Октябрь айылы
17.10.2023-ж саат 14:00
С.Арстанбеков мектеби
20
Төрага Бакас уулу Зарлык Уюштуруучу топ
3.
Курбан-Кара айылы
18.10.2022-ж саат 14:00
Пионердин 50 жылдыгы атындагы мектеби
15
Төрайымы Туракулова Назгүл Уюштуруучу топ
4.
Кызыл-Шарк айылы
19.10.2023-ж саат 14:00
Х.Таширов орто мектеби
20
Төрайымы Алимова Маликахан Уюштуруучу топ
5.
Ынтымак айылы
20.10.2023-ж саат 14:00
Ж.Турусбеков мектеби
15
Төрайымы Оморова Кайриниса Уюштуруучу топ
6.
Савай айылы
21.10.2023-ж саат 14:00
С.Бахапова мектеби
20
Төрайымы Аматова Бүсайра Уюштуруучу топ
7.
Кыдырша айылы
23.10.2023-ж саат 14:00
Кыдырша мектеби
20
Төрага Куттубай уулу Самат Уюштуруучу топ
8.
Султан-Абад
24.10.2022-ж саат 14:00 Мечит жанында
10
Төрага Ш.Тажибаев Уюштуруучу топ
9.
Кескен Жар
24.10.2022-ж саат 14:00 Мечит жанында
10
Төрага Ш.Тажибаев Уюштуруучу топ
10.
Кызыл-Шарк айылы
18.11.2023-ж саат 10:00
Х.Таширов мектеби
150
Жумушчу топтун мүчөлөрү, айылдык кеңештин төрагасы
Савай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
Б.Камилова
№ 2-тиркеме Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29.09 кезексиз сессиясынын № 34-токтому менен бекитилди
Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы.
№
Иш-чаралар
Өткөрүү убактысы
жооптуулар
Негиз/эскертме
Элдик Курултайдын делегаттарын жер жеринен шайлоо
1.
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындар жөнүндө чечимди кабыл алуу.
29.09.2023-жылдын кезексиз сессиясынын №34- Токтому.
2023-жылдын 6-октябрына чейин
Савай айылдык округунун кеңеши
-Өкүлчүлүктүү жыйындардын убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо;
16-октябрынан 24- октябрына чейин
-өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучулардын саны
150
Жумушчу топтун курамы
7
2.
Өткөрүлүүчү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жааматтардын/ жыйналыштардын протоколдорун жана өкүлдөрүн анкеталарын чогултуп жалпылоо. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын тизмесин тактоо, саппаттык жана тармакттык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибин даярдоо
14-ноябырына чейин
Айылдык жыйындарда төрагалык кылуучулар жана уюштуруучу топ.
3.
Савай айыл өкмөтү боюнча Элдик Курултайга баруучу делегатты шайлоо үчүн өткөрүлүүчү жалпы жайын.
2023-жылдын 18-ноябрында (ишемби)
4.
Өкүлтүлүктүү жыйындардын Элдик курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине жөнөтүү
2023-жылдын 24-ноябрына чейин
Айылдык кеңештин төрагасы, жооптуу катчысы уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтор.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 29 августа 2023 года УП № 215 "О проведении Народного Курултая"Указ · 29.08.2023 · № 215 · Утратил силу