Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Документ № 230020819
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №12
« Базар-Коргон шаарынын калктуу конуштарынын ички жолдорунун кызыл сызыгын аныктап берүү жөнүндө».
“Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда, калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартиби” жөнүндөгү Жобосунун 4.2. жана 4.6. пунктарын аткарууга алып, Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы №372 сандуу 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бектиүү жөнүндө токтомунун 1-таблицасына ылайык, 02.08.2024-жылкы чыгыш №01-17/192 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХХIII -сессиясы токтом кылат:
Базар-Коргон шаарынын калктуу конуштарынын ички жолдорун Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы №372 сандуу 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө токтомунун 1-таблицасына ылайык V-категорияда белгиленген туурасы 12 метр автожолдордун категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага:
К.К. Анарбеков.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.