# Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/7 "Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/7 "Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34/7
- Дата принятия: 30.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020710>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37228/edition/24923/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/7 "Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө" токтому (ред. от 30.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020710

---

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чүй айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын 34-сессиясы

2024-жылдын 30-июлу № 34/7

Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө

2023-жылдын 17-июлу № 140 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүмүн аткарууга жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде чыгарылсын.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Б.О. Кыдырбаев
