Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айылдык кенешинин «Ак-Татыр айыл аймагынын кеңешин түзүү жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 5 Ак-Татыр айыл аймагынын кеңешин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” 2024-жылдын 13-сентябры №165 Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татырайыл аймагынын айылдык кеңеши, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн эки айылы Үч-Дөбө жана Таш-Тумшук айылдары кошулуп, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Ак-Татыр айылы болуп аныкталсын.
4.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
7. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага:
Т.Исманов
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №5 токтому менен бекитилди ______________ Т.Исманов
Ак-Татыр айылдык кеңешинин жобосу
2024-жылы
1. Жалпы жоболор
1. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Айылдык кеңеш– өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 21 айылдык кеңештин депутаттарынан турган, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңеши”;
- расмий тилде «Айылный кенеш Ак-Татырского айылного аймака».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Ак-Татыр айылы, Т.Садыков көчөсү, № 57
4. Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Айылдык кеңештин чечимдери
8. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
______________________________________________________________
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года УП № 24 "Об утверждении Временного положения о деятельности местных кенешей в рамках проводимой…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальных единицах на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской Республики»Закон · 13.09.2024 · № 165
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Утратил силу