# Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 "Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 "Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 27.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020468>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37051/edition/24697/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 "Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" Токтому (ред. от 27.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020468

---

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги биринчи сессиясы

2024-жылдын 27-ноябры №3 Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы (2023-жылдын 24-июлу №146), Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПТ №199 тескемесинин негизинде, Улуттук кеңештин 2023-жылдын 16-декабрындагы №1 чечими менен бекиген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин кезектеги биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын 7-декабрь ишемби күнү Тору-Айгыр айылында Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынан Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын Өкүлчүлүктүү жыйыны өткөрүлсүн.

2. Тору-АйгыТамчы айыл аймагынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары-Уюштуруу комитети) курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Уюштуруу комитети:

- айыл аймагынын тургундарынын ичинен Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;

4. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобого” ылайык (100 делегат) 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Айыл аймагынын тургундарынын ичинен Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү , өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны, ар бир жыйынга жооптуу депутаттарды дайындоо жана жыйындарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жумшалсын.

7. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлсүн.

8. Токтомдун аткарылышы боюнча уюштуруу комитетинин ар бир мүчөсүнө бирдей жоопкерчилик берилсин.

Тɵрага Н.Т.Иманалиев
