# МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 4-сентябры № 211 “Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 4-сентябры № 211 “Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 211
- Дата принятия: 04.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020338>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36968/edition/24529/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 4-сентябры № 211 “Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 04.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020338

---

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 4-сентябры № 211

“Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдалануу жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык иштелип чыккандыгын эске алып Мады айылдык кеңеши угуп талкуулап токтом кылат:

1. Мады айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

Төрага

Б.Мадазимов

Мады айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы кезексиз XXXII –сессиясынын №211 токтомунун тиркемеси

Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жɵнүндɵ ЖОБО

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жɵнүндɵ ушул типтүу жобо ( мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ», «Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген Типтүү Жобого ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объектерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндɵ пайдалануунун, ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.

2. Муниципалдык менчик объектерди жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.

3. Мады айыл ɵкмɵтү ушул Жобонун 8-главасын жана 11-пунктун кошпогондо, ушул Жобонун жана ɵз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдалануу жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди ɵз алдынча жүргүзөт

4. Муниципалдык меничкти ижирига пайдаланууга укук берүудөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык төлөмдөрдү, юридикалык жыйымдарды же бүтүмдү аяктоо үчүн зарыл болгон башка чыгымдарды алып салуудан кийин жергиликтүу бюджетке түшөт. Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген жак бүтүмдү мамлекеттик каттоо органында каттоого, ошондой эле ар кандай каттоого кеткен чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, ушул Жобонун жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүугө укуктуу.

## 2-глава. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктɵр

6.Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктɵр:

Ижара - ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объекти ижарачыга аны пайдалануу укугу менен белгилүү бир мɵɵнɵткɵ белгиленген акыга же акысыз негизге берүү; Ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак; Ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижарага берүүгɵ тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана; Аукцион – торуктун түрү, мындан эӊ жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп таанылат; Аукционду алып баруучу – тоорукту аукцион формасында жүргүзгɵн жана аукционду ɵткɵрүү эрежелеринин сакталышын кɵзɵмɵлдɵгɵн жак; Арыз ээси – муниципалдык менчиктеги объекти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн ɵтүнмɵ берген жеке же юридикалык жак; Конкурс – тооруктун түрү, мында тооруктун предметина карата ижарага берүүчү белгиленген шарттары мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеӊүүчү деп табылат; Муниципалдык менчиктеги объект - жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк; Оперативдүү башкаруу – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы; Пайдалануу – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү башкаруу органы тоорук ɵткɵрбɵстɵн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк объекттерин берүүнүн формасы; Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү – жеке жана юридикалык жактарга ( арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги объекттерге карата ижара укукгун тоорук ɵткɵрбɵстɵн түз сүйлɵшүүлɵр жолу менен берүү ыкмасы; Тоорук – муниципалдык менчикте турган объектерге ижара укугун аукцион же конкурс түрүндɵ берүү ыкмасы; Катышуучу – тоорукка катышууга укук алган арыз ээси; Чарба жүргүзүү – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы.

## 3-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүү

7.Муниципалдык мүлк муниципалдык ишканаларга жергиликтүү маанидеги маселелерди жана муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугуна ɵбɵлгɵ болуучу башка тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде чарба жүргүзүүгɵ берилет.

8. Муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана муниципалдык мүлктү ижарага өткөрүп бере алышат.

9. Муниципалдык мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, уюштуруучунун функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде муниципалдык мекемелерге оперативдүү башкарууга берилет.

10. Муниципалдык мекемелер муниципалдык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана субижарага өткөрүп бере алышат.

11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу катары иш алып барган коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле жергиликтүү кеӊештин чечими боюнча акцияларга ээ болгон акционердик коомдорго муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүгө укуктуу.

12. Пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктүн субижарасы үчүн акы жергиликтүү бюджетке түшөт.

## 3-глава. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү

13. Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү тооруктар өткөрүү аркылуу ишке ашырылат.

14. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.

15. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты муниципалдык менчикти ижарага берүу үчүн максималдуу бааны алуу жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу зарыл болгон учурларда аукциондук негизде тооруктар дайындалат.

16. Аукцион түрүндөгү тооруктар электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн. Тооруктар КРӨ 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

17. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү жамааттын экономикалык же социалдык чөйрөдө өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналган учурларда конкурстун негизинде тооруктар өткөрүлөт.

17. Тооруктун бир түрүн колдонуу жөнүндө чечимди жергиликтүү кенеш кабыл алат.

## 5-глава.Тооруктарды уюштуруу боюнча жалпы жоболор

19.Тооруктарды ɵткɵрүү жɵнүндɵ чечим кабыл алуу үчүн тɵмɵнкүлɵр негиз болуп берет:

- муниципалдык мүлктү ижарага берүү зарылдыгы жɵнүндо жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын чечими;

- муниципалдык менчикти айрым объектерин ижарага берүү боюнча социалдык экономикалык ɵнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы;

- муниципалдыкдык мүлктү ижарага алууга жеке жана юридикалык жактардын арызы.

20. Тооруктарды ɵткɵрүү үчүн жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объектерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары –Комиссия) түзɵт.

21. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органынын ɵкүлдɵру, жергиликтүү кеӊештин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын ɵкүлдɵрү киргизилет.

22. Комиссиянын курамы, анын тɵрагасы жана катчысы айыл ɵкмɵт башчысынын чечими менен бекитилет.

23. Комиссиянын мүчɵлɵрүнүн саны 5 адамдан кем болбойт.

24. Тооруктарды даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы

- пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык ɵнɵктүктү жүргүзɵт,

- тоорукка катышууга талапкерлерден арыздарды кабыл алууну уюштурат,

- тооруктарды ɵткɵрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.

22. Комиссия

- келип түшкɵн ɵтүнмɵлɵргɵ ушул Жобонун талаптарына ылайык баа берет,

- тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндɵ бекитет жана аны айыл ɵкмɵт башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет,

- муниципалдык менчиктеги объектерди ижарага берүүгɵ байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чечинде карайт.

23. Ижарага берүүчү тоорутарды ɵткɵрүү үчүн тɵмɵнкү докумденттерди талапкерлерге берет:

- кыймылдуу же кыймылсыз мүлк объектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жɵнүндɵ тастыктоочу маалыматты;

- техникалык паспорттун кɵчүрмɵсүн же объектинин техникалык мунɵздɵмɵлɵрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жɵнүндɵ маалыматты;

- муниципалдык менчиктеги объекттин баалоочу же баланстык наркын;

- муниципалдык менчиктеги объекттер боюнча орточо айлык аммортизациялык чегерүүлɵрдүн эсебин;

- жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы) боюнча эсептерди;

- муниципалдык менчиктеги объекттин ижара акысынын баштапкы наркын.

24. Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара объекттисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчун объектке укук белгилɵɵчү жана башка документтерди берүүгɵ милдеттүү.

25. Өткɵрүлгɵн тооруктар жɵнүндɵ кулактандыруу маалымат такталарына, айылдык аймактын сайтына, социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин отуз күндɵн кечиктирбестен жайгаштырылат.

Кулактандырууда тɵмɵнкүлɵр кɵргɵзүлɵт:

- объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери,

- объекттин максаттуу багыты,

- тооруктардын ɵткɵрүүнүн шарттары, күну, орду,

- тооруктун баштапкы баасынын ɵлчɵмү,

- арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү,

- тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар

(конкурс ɵткɵрүлгɵн учурларда),

- Тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгɵн арыздарды кабыл алуучу жердин дареги.

26. Талапкерлер айыл ɵкмɵтүнүн 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.

27. Талапкерлерди каттоону айыл ɵкмɵтүнүн жооптуу кызматкери жүргүзɵт. Кызматкер каттоо фактысы жɵнүндɵ талапкерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет (2-тиркеме).

28. Тоорукка каттодон ɵткɵн жана белгиленген форма (3-тиркеме) боюнча арыз беоген талапкерлер катыша алышат.

29. Эгерде тоорукка катышкандардын саны эки же андан кɵп болсо, тоорук ɵттү деп таанылат.

30. Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүүнүн баштапкы баасы объектиге байланышкан жер салыгынын, ошол объект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.

31. Муниципалдык менчиктеги орбъектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилɵɵгɵ жол берилет.

32. Тоорук эки этап менен ɵткɵрүлɵт.

33. Биринчи этапта комиссия ɵтүнмɵлɵрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталганына жараша баалайт.

34. Экинчи этапка ɵтүнмɵлɵрү берилген документтердин толуктугу боюнча торуктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.

35. Экинчи этапта тɵмɵнкүлɵргɵ баа берилет:

- аукцион үчүн – сунуш кылынган максималдуу баа боюнча,

- конкурс үчүн – коюлган максатка жетүү эӊ жакшы сунушталган шарттар боюнча.

36. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчɵлɵрүнүн жалпы санынын үчтɵн экисинин кем эмес кворуму болгондо жɵнɵкɵй кɵпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат.

37. Добуштар теӊ болгон учурда комиссиянын тɵрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

38. Тооруктарды ɵткɵрүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия протоколго кол коет, бул протокол тооруктун жеӊүүчүсү менен келишим түзүү үчүн айыл ɵкмɵт башчысына жиберилет.

39. Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы комиссиянын мүчɵлɵрү ушул Жобону бузгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.

40. Комиссия же анын айрым мүчɵлɵрү жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен макул болбогон учурда тооруктун жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди жергиликтүү кеӊеш ɵзүнүн чечими менен кабыл алат.

41. Арыздарды баалоону жүргүзүүдɵ техникалык мүмкүнчүлүк болбогондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде ɵткɵрүүгɵ жол берилет.

## 6-глава. Аукцион түрүндɵ тооруктарды ɵткɵрүүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрү

42. Аукционду ɵткɵрүү үчүн жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт.

43. Аукциондун “арымы” баштапкы ижара акынын 10 % - на чейинки ɵлчɵмдɵ белгиленет.

44. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнɵздɵмɵлɵрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.

45. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди кɵтɵрүп турушат.

46. Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген «арымынан» кем эмес ɵлчɵмдɵ жогорулатуу сунушу менен кайрылат.

47. Аукциондун катышуучусу ɵзүнүн билетин кɵтɵрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктооо менен аукционду алып баруучуга кайрылат.

48. Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны 3-жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунунш кылбаса, акыркы – жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп жарыяланат.

49. аукциондун жеӊүүчүсү аукцион ɵткɵрүлгɵн күнү аукциондун жыйынтыгы жɵнундɵ протоколго кол коюуга тийиш (4-тикеме). Протоколго ошондой эле аукциондц алып баруучу, Комиссиянын мүчɵлɵрү кол коюшат.

50. Эгер аукциондун жеӊүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия аукциондун биринчи жеӊүүчүсүнɵн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орунду ээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жɵнүндо протоколго кол койсо, ал аукциондун жеӊүүчүсү деп таанылат.

51. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол койгондон тартып беш иш күндун ичинде жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен аукциондун жеӊүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлɵт.

52. Тɵмɵнкү учурларда аукцион ɵткɵн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса,

- 50-пунктта каралган учурда экинчи жеӊүүчү аукциондун жыйынтыгы жɵнүндо протоколго кол коюудан баш тартса,

- баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукцион бир катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.

53. Аукцион ɵткɵн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындалат.

54. Эгер экинчи аукцион да ɵткɵн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан ɵткɵрүлгɵн аукциондун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.

## 7-глава. Конкурс түрүндɵ тооруктарды ɵткɵрүүнун ɵзгɵчɵлүктɵрү

56. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органы максаттуу багыттын негизинде объектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат. Ал конкурска катышууну каалагандарга берилет.

57. Арыз берүүчүлɵрдɵн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчɵлɵрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.

58. Комиссия келип түшкɵн конкурсттук сунуштарды кезеги мене начат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун негизги шарттарын жарыялайт жана түшкɵн конкурсттук сунуштарды баалоого киришет.

59. Берилген арыздарды баалоонун жүрушүндɵ Комиссия конкурстун катышуучуларына ɵздɵрүнүн конкурсттук сунуштарын түшүндүрүп берүү ɵтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

60. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурсттук сунушун негиздеп берүү укугу берилет.

61. Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчɵсү ɵз ɵзүнчɵ баалап чыгат.

62. Конкурстун жеӊүүчүсү ар бир ɵтүнмɵ боюнча Комиссиянын мүчɵлɵрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат.

63. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Конкурстун баардык катышуучуларынын упайларынын жана конкурстун жеӊүүчүсүнɵ берилген бааны кɵрсɵтүү менен протокол түзɵт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде берилди.

64. Конкурстун эки же андан кɵп катышуучулары алган упайлар теӊ болгон учурда берилген конкурсттук сунуштарды кайталап баалоо менен кошумча талкулоо жүргүзүлɵт.

65. Эгерде кайталап баалоо бир жеӊүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.

66. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол койгондон тартып беш иш күндун ичинде ижарага берүүчү менен конкурстун жеӊүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлɵт.

67. Эгер конкурстун жеӊүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жɵнундɵ протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеӊүүчүсүнɵн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жɵнундɵ протоколго кол койсо, ал конкурстун жеӊүүчүсү деп таанылат.

68. Тɵмɵнкү учурларда конкурс ɵткɵн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса,

- 66-пунктта каралган учурда экинчи орунду ээлеген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол коюудан баш тартса,

- эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы ɵтүнмɵ конкурс үчүн талаптарга жооп бербесе.

69. Конкурс ɵтпɵй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат.

70. Эгер экинчи конкурс да ɵткɵн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан ɵткɵрүлгɵн конкурстун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же конкурсту ɵткɵрүүнү жокко чыгарууга укуктуу.

## 8-глава. Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз берүү

71. «Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесинин жоболору муниципалдык менчиктеги объекттерди тооруктарды ɵткɵрбɵстɵн түз берүү ыкмасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

72. Муниципалдык менчиктеги объекттерди тоорук ɵткɵрбɵстɵн берүү жɵнүндɵ чечим ар бир учур боюнча жергиликтүү кеӊештин чечими менен кабыл алынат.

73. Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага туз берүү тɵмɵнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:

- муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгɵн ижара келишимин баардык талаптарын сактап, ижара мɵɵнɵтү бүткɵндɵн кийин жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына ижара жɵнүндɵ ɵтүнүч менен кайра кайрылса,

- объекттин максатту багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланычтуу болуп, мындан айылдык аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жɵндɵмдүү башка уюмдар болбосо;

- муниципалдык менчик мамлекеттик жеке өнөктөштүк келишимин ишке ашыруунун алкагында жеке ишкердик өнөктөшкө жана / же долбоордук компанияга берилсе;

- муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жанаинвестициялоо агенствосунун ортосундагы “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) жана \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ айыл аймагынын/ шаардын\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жылдагы макулдашуусунун алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес-өнөктөшкө берилет.

- объекттеги турмуштук оор кырдаалда турган адамдар: улгайган адамдар, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлуктɵрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдүн ɵкүлдɵрү жана башка талапкер болбосо;

- муниципалдык менчиктеги объект белгиленген тартипте эки жолу тоорукка коюлуп, ижарага берилбесе.

73.1. 73-пукттун 4-пунктунда көрсөтүлгөн ижарачыларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык мүлктү ижарага берүүучурунда бир календардык жыл үчүн ижарага алынган мүлк үчүн төлөмдүн өлчомү ижарага берүүчү тарабынан төмондөгү жолдордун бири менен аныкталат:

- төмөнкү формула боюнча эсептөө боюнча: ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүү / 100\* мүлктүн наркы/ өзүн актоо мөонөтү (ай менен)

- Ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде 1 эсептөө көрсөткүчү менен төлөнөт, андан ижара акысынын суммасы төмонкү формула менен эсептелинип төлөнөт: өзүн актоо мөөнөтү/ 100\* мүлктүн наркы/ өзүн актоо мөөнөтү ( ай менен)

- Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз сүйлɵшүүлɵр жолу менен ижарага алууга талапкерлер жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органына арыз беришет, мында ɵтүнмɵдɵ тɵмɵнкүлɵр кɵрсɵтүлɵт:

- арыз ээси жɵнүндɵ маалымат (аты-жɵнү, дареги),

- Муниципалдык менчиктеги объекттин жайгашкан жери жана аталышы,

- болжолдуу максаттуу багыты,

- муниципалдык менчикти түз берүү үчүн негиздеме,

- жергиликтүү жаамат ала турган пайда.

74. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат, бул чечим протокол түрүндɵ таризделет.

75. Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги объектти түз сүйлɵшүүлɵр жолу менен берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү кеӊештин кароосуна киргизет.

76. жергиликтүү кеӊештин чечиминин негизинде жергиликтүү кеӊештин токтому кабыл алынган күндɵн тартып беш иш күндүн ичинде айыл ɵкмɵт башчысы менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлɵт.

## 9-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга же ижарага берүүдɵ келишимдик мамилелердин ɵзгɵчɵлүктɵрү

77. Муниципалдык мүлктү пайдалануу келишими мɵɵнɵтсүз мезгилге же ижарага берүүчү белгиленген мɵɵнɵткɵ түзүлүшү мүмкүн.

78. Түз берүү жолу менен ижарага алынган муниципалдык мүлктү ижарага алуунун наркын комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык менчикти ижарага алуунун минималдуу наркы болуп объект боюнча мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.

79. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү мɵɵнɵтүн ижарага берүүчү белгилейт.

80. Пайдалануу же ижаралоо келишиминин шарттарына ɵзгɵртүүлɵр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишими кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилет.

81. Ижара келишиминин мɵɵнɵтү бүткɵнгɵ чейин бир айдан кечиктирилбестен ɵз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы жана ижарага берүүчү тараптар колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен ижаралоо келишимин ошол эле мɵɵнɵткɵ узарта алышат.

82. Ушул Жобонун 81-пунктуна ылайык ижара келишимин узартуу жɵнүндɵ кошумча макулдашуу айрым бир шарттар менен түзүлɵт, эгерде ижарачы:

1) ижара акысын, туумдарды, коммуналдык тɵлɵмдɵрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын тɵлɵɵ боюнча карыз болбосо ( эгерде аларды тɵлɵɵ милдети ижарачыга жүктɵлсɵ);

2) ижара акысын ɵз убагында тɵлɵбɵгɵндүгү форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, ижарага алган мɵɵнɵт ичинде ижара акысын бир нече жолу кечиктирбесе;

3) конкуртун жыйынтыгы боюнча түзүлгɵн ижара келишиминде каралган милдеттемелерди аткарса.

83. Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдɵн жүйɵлүү баш тартуусу ижарачыга келишимди узартуу тууралуу сунушту алган учурдан тартып беш иш күндɵн кечиктирбестен жазуу жүзүндɵ жиберилүүгɵ тийиш.

84. Ижара мɵɵнɵтүн узартууда ижара акысы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

85. Ижара келишими тɵмɵнкү учурларда токтотулат:

1) келишимди колдонуу мɵɵнɵтү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жɵнүндɵ кошумча макулдашуунун мɵɵнɵтү аяктаганда;

2) тараптардын ɵз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;

3) тараптардын биринин талабы боюнча сот ижара келишимин мɵɵнɵтүнɵн мурда бузганда;

4) ижарачы – юридикалык жак жоюлганда;

5) жеке жак – ижарачы каза болгондо, ал аракетке жɵндɵмсүз, аракетке жɵндɵмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок деп табылганда;

6) ижарачы ижара акысынын ɵлчɵмүн ɵзгɵртүүгɵ макул болбогондо.

86. Ижарага берүүчү келишим шарттарын бузган ижарачыдан буларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде:

1) ижара объектисин же мүлктүн багытын ижара келишиминин шарттарын бузуу менен колдонуп жатса;

2) муниципалдык мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугусуз субижарага ɵткɵрүп берсе;

3) ижара келишиминде белгиленген мɵɵнɵт аяктагандан кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын тɵлɵбɵсɵ;

4) эксплуататциялоо процессинде ижара объектинин техникалык мүнɵздɵмɵлɵрү начарласа, же зыянга учуруса, аларжы жоюу үчүн оӊдоо – калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынса;

87. Ижарачы тɵмɵнкү учурларда ижарага берүүчүдɵн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну жеке кетирген кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу:

1) ижарага берүүчү келишимдин шарттарына ылайык ижара объектисин пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

2) ижарага берилген муниципалдык мүлктүн кемчиликтери болсо, ижара келишимин түзүүдɵ айтылбаса жана келишим түзүүдɵ ижара объектисин карап чыгуу учурунда аныкталбай калса.

88. Ижара келишимин токтотуу ижарачыны ижара акысын тɵлɵɵ жана туумдар менен айыптарды тɵлɵɵ зарылчылыгынан бошотпойт.

89. Ижарачы ижара мɵɵнɵтүнүн ичинде капиталдык ремонт жасаган учурда тараптардын макулдашуусу боюнча ремонт иштерине кеткен чыгымдар ижара акысы катары эсепке алынышы мүмкүн.

90. Муниципалдык мүлктүн эскиришин калыбына келтирүү жана амортизациялык чегерүүлɵрдү топтоо боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруусу боюнча талаптарды кɵрсɵтүү ижара келишимин түзүүдɵ милдеттүү шарт болуп саналат.

91. Ижарага берүүчү амортизациялык чегерүүлɵрдү топтоо боюнча шарттардын сакталышына кɵзомɵлдү камсыз кылууга милдеттүү.

92. Ижара объектисин кабыл алуу - ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ шарттар ижара келишимине киргизилүүгɵ тийиш.

93. Эгерде ижара келишиминде башкача каралбаса, ижара объектисин кабыл алуу-ɵткɵрүп берүүгɵ даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзɵгɵ ашырылат.

94. Келишим токтотулганда ижарачы ижара объектисин жакшы абалда ижарага берүүчүгɵ кайтарып берүүгɵ милдеттүү.

95. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда тараптар КР мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылышат.

96. Күнɵɵлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ижара келишими боюнча ɵз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган баардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

Кимге:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_жергиликтүү Өз алдынча башкаруу аткаруу органынын башчысына Кимден: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ат жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_Тел:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

АРЫЗ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ муниципалдык менчиктеги объекти ижарага берүү боюнча тоорукка (аукционго, конкурска) катышууга уруксат берүуңүздү өтүнөм. Тиркеме документтердин тизмеси:

1) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Өтүнмө ээсинин кол тамгасы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (инициалдары жана фамилиясы)

20\_\_\_\_-жылдын “\_\_\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_.

Өтүнмөнү каттоо күнү жана номери 20\_\_\_\_\_-жылдын “\_\_\_\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы, инициалдары жана фамилиясы, кол тамгасы)

КАБАРЛАМА (документти каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

20\_\_\_\_-жылдын “\_\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаары/ айылдык аймак

Катоо номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

1. Кимден:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, аты, атасынын аты талапкердин - жеке жактын паспортунун номери, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ юридикалык жактын аталышы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ муниципалдык менчигинде турган жана \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дарегинде жайгашкан (жайгашкан жердин сүрөттөлүшү)

Объекти ижарага алуу үчүн тоорукка ( аукционго, конкурска) катышууга өтүнмө кабыл алынды.

2. Тоорук (аукцион, конкурс) 20\_\_\_\_\_-жылдын “\_\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ өтөт.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_имаратындагы №\_\_\_\_\_ кабинети Дареги\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ( жайгашкан жери - толугу менен жазылат)

3. Өтүнмө менен катар төмөнкү документтер кабыл алынды:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Талапкердин өтүнмөсүн кабыл алуу жана каттоо үчүн жооптуу адамдын аты жөнү, кызматы жана кол тамгасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кол тамгасы)

Өтүнмө ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга уруксат берүү жөнүндө №\_\_\_\_\_ПРОТОКОЛУ

20\_\_\_\_-жылдын “\_\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Комиссия курамы: Төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Катчысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Комиссия мүчөлөрү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өтүнмөлөрдүн саны\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тоорукка катышууга уруксат алган өтүнмө ээлери (талапкер) (аты-жөнү)

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тоорукка катышууга уруксаты жок өтүнмө ээлери (талапкер) (аты-жөнү)

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_(уруксат берилбеген себеби көрсөтүү менен)

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_(уруксат берилбеген себеби көрсөтүү менен)

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_(уруксат берилбеген себеби көрсотүү менен)

Комиссия төрагасы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

20\_\_\_- жылдын “\_\_\_\_”-\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_№\_\_\_\_\_\_ПРОТОКОЛУ

Аукциондун уюштуруучусу:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Аукционду алып баруучу:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жеңүүчү:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Экинчи жеңүүчү:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Ушул лот боюнча аукционго катышкан катышуучулардын саны\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Номер\_\_\_\_\_\_\_лот Объектин аталышы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жайгашкан жери\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Объектин мүнөздөмөлөрү (аянты, жылы ж.б)\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Ижара мөонөтүү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сандар жана сөз менен) Баштапкы баасы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сандар жана сөз менен)

Тооруктарды уюштуруучу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты- жөнү, кол тамгасы)

Аукциондуалыпбаруучу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты- жөнү, кол тамгасы)

Аукциондун жеңүүчүсү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты- жөнү, кол тамгасы)

Муниципалдык менчиктеги объекти ижарага берүү укугуна конкурс өткөрүүдө баалоо критерийлери

№

Критерийлердин аталышы

Баалоо баллдары

1

Берилген объект үчүн коюлган максатка жетүү үчүн негиздеме

- максатка жетишпей калуунун жогорку тобокелдиктери

0

- максатка жарым-жартылай жетсе болот

10

- жогорку ыктымалдуулук менен максатка жетүү мүмкүн

20

2

Жергиликтүү коомчулукка оң таасирин тийгизет

- жарандардын чакан тобу пайда көрөт

5

- бүтүндөй айылга оң таасирин тийгизет

10

- бүтүндөй шаар/ айыл аймагы боюнча оң таасир этет

20

3

Муниципалдык менчиктин туруктуу иштеши

- мүлктүн начарлашын калыбына келтирүүнүн туруктуу ыкмалары каралбаган

0

- эскирүүнү калыбына келтирүү ыкмалары формалдуу мүнөзгө ээ

5

- амортизациялык чегерүулөрдү топтоо ыкмалары, аларды кийин максаттуу пайдалануу менен толук түрдө каралган

10

4

Жарандардын аярлуу топторунун таасири

- Жарандардын аярлуу топторуна таасири- жарандардын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү каралган эмес

5

- калктын аярлуу катмарындагы адамдар үчүн белгилүү сандагы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө

10

- долбоор толугу менен жарандардын аярлуу катмарын колдоого багытталган

25

5

Инновацияларды ишке киргизүү

- инновациянын жоктугу

0

- инновациялар өтүнмө ээсинин ишмердүүлүгүн жакшыртуугак таасирин тийгизет

10

- инновация бүтүндөй коомчулуктун өнүгүшүнө таасирин тийгизет

25

Бардыгы

Максималдуу 100 балл

Мады айылдык кеңешинин төрагасы Б.Мадазимов
