# Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 2 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн Кара-Коюн кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 2 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн Кара-Коюн кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 28.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019747>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36595/edition/23596/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 2 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн Кара-Коюн кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019747

---

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы 2024-жылдын 28-августу № 2

“Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн Кара-Коюн кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №554 “Жергилликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби” жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорун Акназаров айыл аймагында ишке ашыруу максатында Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун маалыматын угуп, талкуулап; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №554 “Жергилликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби” жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Кара-Коюн“ кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планы бекитилсин.

2. Кара-Коюн кичи коругунун инфратүзумүн өнүктүрүү боюнча түзүлгөң иш планы Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүктүрүү планына (ПСЭР) киргизилсин.

3. Токтомдун ктарылышын камсыз кылуу “Кара-Коюн” кичи коругунун демилгелүү тобунун башчысы К.Акматбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго тапшырылсын.

Төрага

К.Жорготаев.

Кара-Коюн кичи коругунун туруктуу өнүгүүсү үчүн жасалуучу биотехникалык кадамдардын/иш-чаралардын планы (2024-2026-жж)

Кара-Коюн кичи коругу- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл аймагында жайгашкан. Кичи коруктун өзгөчөлүгү, уникалдуу үңкүр, жарганаттардын колониясы, кирпичечендин байырлашы болуп саналат. Корук калкттуу пунктан 15 км түштүк тарапта Кара-Коюн капчыгайында жайгашкан. Биоартүрдүүлүгү бай, эндемикалык өсүмдүктөр өскөн аймак.

Кичи коруктун 3 жылдык иш-планында төмөндөгүдөй үчтөн негизги приоритеттерди койдук.

2024-жыл. Кара-Коюн кичи коругуна жакын жайгашкан айылдын тургундарына, мектеп окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат кампанияларды өткөрүү, коруктун маанилүүлүгүн ар бир жаранга жеткирүү ТалМУнун табият таануу факультети, Мектептин биология, география мугалимдерине окуучуларга предмет менен тааныштыруучу аймакка айлантуу Коруктун айланасына маалымат тактасын орнотуу 2025-жыл. Илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында жаз айларында Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы менен кызматташып, адистерин алып келип жеринде тааныштыруу Адистердин сунуштаган корутундусуна ылайык пландарды иштеп чыгуу Коруктун сыйымдуулугу боюнча методологиясын иштеп чыгуу Үңкүр-Фест фестивалынын алкагында Кара-Коюн кичи коругу тууралуу маалымат берүү 2026-жыл. Айыл тургундары менен биргеликте фотокапкандарды орнотуу Фотокапкандардан алган жыйынтыктарды алып, анализдеп коомчулукка журналисттерге 3 жылдын жыйынтыгы боюнча изилденген маалымат берүү

Иш-чаралар

Мазмуну

Күтүлүүчү натыйжалар

Кимдер катышат

Аткаруучулар

Индикаторлор

Каржылоо

Аткаруу мөөнөтү

Маалымат кампанияларды уюштуруу

Акназаров айыл аймагынын Маданият, Үйүр-Марал, Көк-Таш, Таш-Кудук, Кызыл-Октябрь, Ынтымак айылдарынын тургундарына атайын жыйын уюштуруп, микрокорук тууралуу кенен маалымат берүү. Мектеп окуучуларына атайын презентацияларды уюштуруу

Иш-чаранын жыйынтыгында айыл тургундары коргоого алынган аймактын өзгөчөлүгүн билишип аяр мамиле жасоого шарт түзүлөт. Окуучулар үчүн предметти практикалык негизде өздөштүрүүгө жер түзүлөт. Баардык жарандар үчүн коруктун ичине кирүүгө чектөөлөр бар!!!

Акназаров айылынын тургундары Жайыт комитети Айыл өкмөт коллективи

Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат Гамал Соронкулов

Жыйынтыгында 500 жаранга толук маалымат жеткирилет

Аталган иш-чараларды уюштурууну Акназаров айыл өкмөтүн бюджетинен каржыланат. Имарат Аппаратура брошюралар

2024-жыл Сентябрь Октябрь Ноябрь

Мугалимдерди Окуучуларды корукка тартуу

Мектептердин биология, география предметинин мугалимдерине окуучулар үчүн окуу-талаа практикасын уюштурууга шарт түзүү. Коруктун сыртында байкоо жүргүзүүнү үйрөтүү. Жаш муундарга коруктун баалуулугунан кабар берүү.

Окуучулар үчүн предметти практикалык негизде өздөштүрүүгө жер түзүлөт. Баардык жарандар үчүн коруктун ичине кирүүгө чектөөлөр бар!!!

Маданият Көк-Таш Таш-Кудук Кызыл-Октябрь Үйүр-Марал Ынтымак Айылындагы мектептин жогорку класстарынын окуучулары

Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат Гамал Соронкулов

1000 окуучу катышат

Каржылоо керектелбейт

2024-жыл Ноябрь Декабрь

Маалымат тактасын орнотуу

Коруктун айланасында аяр мамилени жасоону түшүндүргөн маалымат тактасын орнотуу

Кара-Коюн үңкүрү буга чейин мал кирип, жарандар көп барктабаган аймак болгон үчүн азыркы тапта корулуп калганына байланышуу жергиликтүү тургундарда толук маалымат болуусу үчүн жасалган иш.

Айыл өкмөтүнүн кызматкери, жайыт комитети, Бакай-Ата токой чарба сынын өкүлү

Канат Акматбеков Гамал Соронкулов

10 катышуучу 1 маалымат такта орнотулат

10 000 сом. Жергиликтүү бюджеттен каржыланат

2024-жыл Октябрь

Корукту илимде пайдалануу.

Кичи корукка КР УИА өкүлдөрүн алып келип жеринде тааныштыруу, изилдөө иштерин жүргүзүү

Жыйынтыгында адистер коруктун учурдагы абалы, эмнелерге көнүл буруу керектиги боюнча сунуштарды беришет. Биздин жумушчу топ ошого жараша иш кылат.

КР УИА өкүлдөрү Айыл өкмөтүнүн кызматкери Кызыккан мектеп мугалимдери Бакай-Ата токой чарбасынын өкүлү ТалМУ

Гамал Соронкулов Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат

20 катышуучу болот.

Фонддор, кызыктар тараптар тарабынан каржыланат

2025-жыл Март Апрель Май

Адистерлен кеңеш:

КР УИА адистеринин корукту изилдөөдөн кийинки корутундусуна ылайык берген сунуштарын жумушчу топко салып, ошого байланыштуу иш-чараларды иштеп чыгуу, уюштуруу

Жыйынтыгында биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча чектөөлөр же сунуштар эске алынып иш-чаралар иштелип чыгат

Айыл тургундары Мектеп мугалимдери экологдор

Гамал Соронкулов Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат

50 катышуучу болот

Каражат керектелбейт

2025-жыл Июнь Июль

Корукка кирүү сыйымдуулугун бекитүү

Кара-Коюн кичи коругунун жаратылыштык рекреациялык сыйымдуулугун баалоо методологиясын иштеп чыгуу

Жыйынтыгында кичи корукка жарандардын кирип чыгуусу жана чектөөлөр боюнча атайын методология иштелип чыгып, кошумча маалыматтар тактага илинет.

КР УИА өкүлдөрү Экологдор Жайыт комитети Токой чарбасы Тур агенттиктер ТалМУ

Гамал Соронкулов Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат

50 катышуучу

Каражат керектелбейт

2025-жыл Март

Үңкүр-Фестте микрокорук

2025-жылы өтүүчү эл аралык Үңкүр фестивалында Кара-Коюн кичи коругу тууралуу программага киргизип келген конокторго корук тууралуу маалымат берүү (чектөөлөр менен)

Эл аралык деңгээлде кичи коруктун маанилүүлүгү туурасында коомчулукка маалымат берилет.

Туристтик компаниянын өкулдөрү Мамлекеттик органдар Жергиликтүү тургундар туристер

Гамал Соронкулов Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат

500 катышуучу келип көрөт (коруктун сыртынан)

Каражат керектелбейт

2025-жыл Июль

Фотокапкандарды орнотуу

Айыл тургундары, мектеп окуучулары жана кызыктар тараптар менен биргеликте фотокапкандарды орнотуу

Жыйынтыгында кичи коруктардагы өзгөрүүлөр, фауна тууралуу фотокапкандарга түшкөн сүрөт видеодон билинет.

Айыл тургундары Окуучулар Экологдор

Гамал Соронкулов Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат

30 катышуучу

Каражаттар жергиликтүү бюджет, фонддор, эл аралык уюмдардан каржыланат

2026-жыл Февраль-август

Микрокоруктар-заман талабындагы кадамдар

Пресс-конференция

Пресс-тур

3 жыл аралыгындагы корукка алынган аймактагы өзгөрүүлөр, коомчулуктун мамилеси жана мындай иштер замандын талабы экенин далилдеген пресс-тур уюштуруу менен жалпы коомчулукка кенен маалымат берүү.

Жыйынтыгында Кыргызстан жана кошуна өлкөлөр микрокоруктардын актуалдуулугу тууралуу маалыматтарга ээ болушат.

Кыргызстандагы жана чет жактагы журналисттер, блогерлер

Гамал Соронкулов Канат Акматбеков Асеин уулу Азамат

100 катышуучу

Каражаттар жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

2026-жыл Апрель Август
