Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Терек айылдык кеңешинин “Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын 2024-жылдын 30-июлу №242
“Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартиби” жөнүндө Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
2.Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы 1га сугат жер-5400 сом өлчөмүндө, Кызыл-Ураан , Жетиген жана Такталык айылдарындагы 1га сугат жер 3600 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Дөөлөткелдиев.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Постановление Кабинета Министров от 9 сентября 2022 года № 494 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере регулирования…Постановление · 09.09.2022 · № 494