# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 08-майындагы №236 “Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.” токтому

- Полное наименование: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 08-майындагы №236 “Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 236
- Дата принятия: 08.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019456>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36338/edition/23279/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 08-майындагы №236 “Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.” токтому (ред. от 08.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019456

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын 2024-жылдын 08-майы №236

“Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.” Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышын 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жөнүндө айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына , Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 « Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:

1.Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышын 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жогоруда аталган токтомдун 1-пунктундагы «0,15га жайыт жер аянты» деген сөздөр «0,59га жайыт жер аянты» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Подстанция куруу үчүн бөлүнгөн жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге, жер боюнча башкы адис М.Келгенбаевке жүктөлсүн.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дөөлөткелдиев.
